Райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын отуруму өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын отуруму өттү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарды турак-жай менен камсыздоо үчүн депозиттик каражаттарын жумшоо жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

2025-жылдын 25-июлунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык майрамын белгилөөгө тиешелүү даярдыктарды көрүү; 2. Райондогу шаардын, айыл аймактардын тазалыгы жөнүндө маселелер каралды. Жыйынга шаар мэри, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты, күн тартибиндеги маселелер боюнча протоколдук тапшырмалар…

Толук окуу…

39 энеге “Баатыр Эне” ордендери, 9 энеге “Эне данкы” медалдары тапшырылды

Эне – өмүрдүн гүлү, жүрөктүн нуру! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы ПЖ №158 жана ПЖ №159 Жарлыктарына ылайык райондогу 39 энеге “Баатыр Эне” ордендери, 9 энеге “Эне данкы” медалдары тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, райондук аялдар…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев бүгүн Элмирбек Иманалиев айыл аймагында

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев бүгүн Элмирбек Иманалиев айыл аймагындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү, Үч-Терек – Өзгөрүш автоунаа жолун асфальттоо, “Жашыл-Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулган 2 миң даана көчөттүн абалы жана айылдардын көчөлөрүнүн тазалыгын жеринен көрдү. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаровго тиешелүү тапшырмаларды берип,…

Толук окуу…

Мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалы жеринен каралды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Сулайманов, райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы N12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун жана Токтогул шаарынын Арал айылындагы N11 Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалы менен жеринен таанышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов куруучу компаниялардын жетекчилеринен…

Толук окуу…

Токтогул милициясы сууга чөгүүлөрдүн алдын алууда

Токтогул милициясы сууга чөгүүлөрдүн алдын алууда. Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан милициянын Көчмө кабылдама унаасы менен райондун аймагындагы сууга түшүүчү жайларга эскертүүчү белгилерди орнотушту. Ошондой эле ата-энелерге жана жаш өспүрүмдөргө сууга түшүүгө кооптуу болгон жайларга өзү өмүрүн тообокелге салып сууга түшүүгө тыюу салынаарын жана жаш өспүрүмдөрдү ата-эненин кароосу жок өз алдынча…

Толук окуу…

Токтогул ЖДПБнын директоруна тиешелүү тапшырмаларды берилди

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров Токтогул райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун гемодиализ имаратынын, жаңы коюлган лифттин, дары сактоочу кампанын абалы менен жеринен таанышып, Токтогул ЖДПБнын директоруна тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Токтогул районунун жерлерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт

Токтогул районунун жерлерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт 2025-жылдын 22-июлунда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондун акими А.Тюкебаевдин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директору М.Салижан уулунун катышуусунда жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө Токтогул районунун…

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту

Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту. 2025-жылдын 19-июль күнү  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри Б.Максутбаев жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда тургундар тарабынан таза суу, жол, тротуар, көчө чырактары, электр мамычалары жөнүндө маселелер…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эс алуу паркы жана коомдук жайлардын айланасы тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэрия эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.

Толук окуу…