2026-жылдын 4-мартында Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси боюнча жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 4-мартында Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси боюнча жолугушуу өткөрүлүп, ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, райондун прокурору Б.И.Абыкеев, салык кызматынын кызматкерлери, ошондой эле ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйында ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбестиги, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы №18 Жарлыгына алайык, пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганы түшүндүрүлдү.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жооптор берилип, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча иштер мындан ары да улантылары белгиленди.
 
   

Leave a Reply