25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында иш чара уюштурулду.

25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү!” аталышында райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын иш-чара уюштурулду.
Андан сырткары Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында “Зордук-зомбулукка жол жок!” аталышындагы жыйын өттү. Жыйында атайын даярдалган слайд көрсөтүлүп, зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Аталган иш-чараларга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышышты.
Жогорудагы иш-чаралар аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган.
Иш-чаралар окуучулар тарабынан зомбулукка каршы даярдалган сценка, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин, А.Бердалиев атындагы № 39 кесиптик лицейдин студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Leave a Reply