3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага райондогу ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты.
Майрамдык иш-чара борбордук аянтта уланып, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн туу өзгөчө мааниге ээ экенин, Мамлекеттик туу – бул биздин улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир кыргызстандыктын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготуп турарын белгиледи.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы С.Кылдановдун, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуеванын куттуктоо сөздөрү жана Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими М.Шамшыбекованын маалыматы угулду.
Майрамдык иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.




