39 энеге “Баатыр Эне” ордендери, 9 энеге “Эне данкы” медалдары тапшырылды

Эне – өмүрдүн гүлү, жүрөктүн нуру!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы ПЖ №158 жана ПЖ №159 Жарлыктарына ылайык райондогу 39 энеге “Баатыр Эне” ордендери, 9 энеге “Эне данкы” медалдары тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, райондук аялдар кеңешинин төрайымы жана көп балалуу энелер катышышты.
Салтанаттуу иш-чарага келген энелерге атайын даярдалган белектер жана маданият кызматкерлери тарабынан ыр белек тартууланды.

Leave a Reply