2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Э.Иманалиев, Үч-Терек, А.Суеркулов айыл өкмөттөрүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүздү.
Текшерүүдө, көмүр-отундарды сатып алуунун жүрүшү, электр чордондорунун жана от жагуучу мештердин абалы, электр энергиясы менен жылуулук берүүчү шаймандардын техникалык абалы ж.б. каралып, аныкталган кемчиликтерди четтетүү максатында тиешелүү айыл өкмөт башчыларына жана мекеме-ишкана жетекчилерине мөөнөт берип, тапшырмалардын сапаттуу, өз убагында аткарылышын камсыздоону эскертти.

Leave a Reply