Урматтуу Токтогул районунун тургундары сиздерди орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Отуз күн кармаган орозонун касиети менен жан дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет. Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу бийик сапаттарды көрсөткөн өзгөчө ай.
Ошондуктан, бири-бирибизге болгон ишеничибизди чыңдап, мамилебизди бекемдөө менен келечек үчүн талбай мээнет кылышыбыз кажет. Жараткан муктаждарга жакындан жардам берип, жакшы иштер менен сооп табууну баарыбызга насип кылсын.
Отуз күн тута турган орозобузду, бата-тилектерибизди жараткан кабыл кылсын.
