Токтогул шаарында 7-апрель — Апрель революциясынын 16 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясынын баатыры Жанышбаев Апсаматтын эстелигине гүл чамбар коюлду, ошондой эле революция учурунда курман болгон мекендештерди эскерүү иретинде залп атылып, куран окулду.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, ал өз сөзүндө эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн жанын берген мекендештердин эрдиги эч качан унутулбай турганын, алардын элеси ар дайым урмат-сый менен эскериле берерин баса белгиледи. Ошондой эле коомдогу тынчтыкты, биримдикти сактоо ар бир жарандын милдети экенин айтты.



