8-9-август күндөрү Токтогул районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча абалы бааланды

Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун 2024-жылга бекитилген даярдык иш-планына ылайык 8-9-август күндөрү Токтогул районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча абалы бааланды.
Бул боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Токтогул районунун Жарандык коргонуу абалын комплекстүү баалоо боюнча уюштуруу көрсөтмөнү өткөрүү жөнүндө буйругу чыгып, 2024-жылдын 8-9-август күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан атайын тарабынан түзүлгөн комиссия курамы менен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын иш кагаздары жана күч каражаттарын, даярдыктарын көзөмөлгө алынган. Жыйынтыгында баало боюнча комиссия тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айтылган кемчилдиктер боюнча Жарандык коргонуу кызматтарына белгиленген мөөнөт ичинде калыбына келтирүү тапшырмалар коюлулду.

Leave a Reply