Сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагындагы Чычкан суусуна, каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү тактайчалары орнотулду.
Ошондой эле, ата-энелерге жаш өспүрүм балдарын кароосуз өз алдынча сууга түшүүгө жибербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чара жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Leave a Reply