Айыл аймактар тиш дарылоо жабдуулары менен камсыздалды

2024-жылдын 22-июнь күнү ‘Хиппократес” Кайрымдуулук Коомдук Фондунусу Токтогул районунун Э.Иманалиев, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл аймактарына жана Токтогул шаарындагы тиш дарылоо поликлиникасын тиш дарылоого керектүү заманбап медициналык жабдуулары менен камсыздады.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Хиппократес” КК Фондусунун Корея христиан медициналык өнөктөштүктүн жетекчиси Ли Жухван мырзага райондун тургундарынын саламаттыгын сактоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Тиш дарылоо бөлмөлөрүнө медициналык жабдыктарды алып келүүгө салым кошкон КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Анарбек уулу Чыныбекке, КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын бөлүм башчысы Кутман Турсункуловго жалпы район элинин атынан ыраазычылык билдиребиз.

Leave a Reply