2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө МААЛЫМАТ

2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө             МААЛЫМАТ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы №14-т тескемеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 19-февралындагы №27-б буйругу жетекчиликке алынган жана Токтогул районунун 2024-жылга иш-чаралар Планы бекитилип, райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын 2024-жылга түзгөн иш пландарынын негизинде жалпы 101 иш-чара камтылган.

2024-жылдын 1-октябрына карата 51 иш чара аткарылган (50,5 %), 48 иш чара аткарылууда (47,5 %), 2 иш чара аткарылган эмес (2,0 %). Аткарылбай калган иш чаралар – Мамлекеттик социалдык тапшырыктарга долбоорлор даярдалбаган жана чакан ГЭСдин курулушу башталган эмес.

2024-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-уюмдар, ишканалар,  ишкерлер менен биргеликте, бир топ уюштуруу  иштер  аткарылды. Анын  натыйжасында районубузда 2024-жылдын январь-сентябрь айында   салыштырма баада:

 

– өнөр жай продукциясынын өсүү темпи                                      – 234,7 %;

айыл чарбасынын  өсүү темпи салыштырмалуу баада             – 103,4 %;

негизги капиталга инвестицияларды тартуу                              – 108,1 %;

чекене товар жүгүртүү                                                                 – 103,6 %;

акылуу  кызмат  көрсөтүү                                                            – 116,1 %;

автотранспорт менен жүк ташуу                                                 – 107,9 %;

жүргүнчүлөрдү ташуу                                                                  –105,4%га аткарылган жана отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен райондун ички   дүң продукциясынын көлөмү 10 млрд 560 млн  сомго жетип, өткөн  (2023-ж. – 9 млрд 931 млн сом) жылга салыштырмалуу  628,9 млн сомго көбөйгөн  же өсүү темпи 106,3  % түзгөн.

 

Негизги көрсөткүчтөр: Ченем

бирдиги

2023-жылдын 9 айы 2024-жылдын 9 айы 2024-ж. % менен

2023-жылга

Негизги экономикалык көрсөткүчтөр:
Дүң продукция Миң сом 9930822,1 10559750,0 106,3
Айыл чарба Миң сом 5111504,8 5284489,8 103,4
Өнөр-жай продукциясынын көлөмү Миң сом 76555,9 179628,5 234,7
Өнөр-жай продукциясынын                физикалык  көлөмүнүн индекси % 113,3 123,3 123,3
Мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү:

– Эт (тирүүлөй салмакта)

Тонна 6325 6420 101,5
– Сүт Тонна 29940,5 30352,4 101,4
– Жумуртка Миң даана 3619 3753 103,7
– Жүн (физикалык салмакта) Тонна 238,1 240,6 101,0
– Каржылоонун бардык булактары боюнча капиталдык инвестициялардын салымдарынын жалпы көлөмү Миң сом 1032391,2 1185469,1 108,1
– Жеке менчик үй курулуш (ИЖС) Миң сом 53.4 56,1 105,0
– Транспорттун бардык түрү менен ташылган жүктүн көлөмү Миң тонна 99,9 107,8 107,9
– Транспорттун баардык түрү менен жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү Миң

Жүргүнчү/ км

 

1194,0

 

1259,0

 

105,4

– Чекене товар жүгүртүүлөр, азыркы баада Миң сом 3170700,0 3283380,0 103,6
Акы алып кызмат көрсөтүү Миң сом 539670,2 626782,6 116,1

 

Өнөр  жай  тармагы.

 

2024-жылдын январь-сентябрь айларында район боюнча 179,6 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 103,0 млн сомго көп өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи  123,3 % түзгөн.

Райондун өнөр жайынын бардык тармактарында өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн өсүү темпи камсыздалган.

2024-жылдын 1-октябрына карата райондун аймагында 32 жаңы ишканалар ишке киргизилип, 139 жумуш орун түзүлгөн. Анын ичинен 7 өнөр жайы,  1 балык чарба, 1 тоок чарба,  3 соода сатык, 4 кызмат көрсөтүү, 7 коомдук тамактануу, 1 туристтик субъектилери, 1 мамлекеттик, 2 жеке, 5              3 сааттык бала бакчалар ачылган.

Ачылган ишканалардын ичинен Токтогул шаарындагы томография  борборун, «Кайнама» чакан ГЭСин, 8 бала бакчаны белгилеп кетмекмин.

 

Айыл чарба тармагы.

2024-жылдын 9 айында  райондун айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын  5 млрд 285 млн сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өткөн жылга  (2023-ж. – 5 млрд 112 млн   сом) салыштырмалуу өндүрүлгөн   айыл чарба продукциянын көлөмү 173 млн сомго же 3,4 %  жогорулаган.  Бирок отчеттук мезгилде талаачылыкта өндүрүлгөн айыл чарбасынын продукциясынын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,6% же 73,4 млн сомго төмөндөп кеткен.

  2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу  Эт (тирүүлөй салмакта) 95 тоннага (101,5 %), сүт 412 тоннага (101,4 %), жумуртка 134 миӊ даанага (103,7 %), жүн 2,5 тоннага (101,0 %)  көп өндүрүлгөн.

          2024-жылдын түшүмү үчүн айыл чаба өсүмдүктөрүнө жалпы сунушталган 19030 га жердин 18872 гектарына айыл чарба өсүмдүктөрү эгилип, пайдаланбай калган жерлердин аянты 158 гектарды түзгөн же                    2023-жылга салыштырмалуу 567 гектарга азайган. Мунун ичинен 23,6 гектарга көп жылдык бактар, 20 гектарга малина  отургузулган.                                 7548 гектарга дан эгиндери  (2023-ж.-6011 га)  айдалып, түшүмдүүлүгү 43,7 ц/га түзгөн же өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 ц/га көбөйгөн.  Ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудайдын  түшүмдүүлүгү 9,3 ц/га, арпанын түшүмдүүлүгү 9,1 ц/га, жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү 0,6 ц/га, картошканыкы 5,5 ц/га, бахчаныкы 2,1 ц/га, жашылчаныкы 2,3 ц/га,  көбөйгөн. Буудайдын 89,5 тонна, арпанын 11,5 тоона үрөндөрү 4,5 % менен 3 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө дыйкандарга берилген. Ошондой эле жазгы айдоо иштерине Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан  101 тонна күйүүчү май арзандатылган баада (65 сом) алынып, дыйкандарга таратылган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  17.12.2021-жылдын №309 токтомунун негизинде  2024-жылы район боюнча жалпы 154 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, Мамлекеттик фондунун жерлеринен жерлер ижарага берилген.

Айыл чарба министрлигинин тапшырмасына ылайык райондун дыйкандарына тамчылатып сугаруу системасынын артыкчылыктарын ошонун негизинде жогорку түшүмдүүлүккө жетүүнүн жолдорун үйрөтүү жана түшүндүрүү максатында пилоттук негизде айыл чарба башкармалыгына өткөн 50% жердин эсебинен Көтөрмө айылына караштуу Кыргоо участкасынын кайрак жеринен суу чарба башкармалыгына    29,5 га жер  5-жылдык  мөөнөткө ижарага берилди. Бул берилген жерге заманбап технологиянын негизинде тамчылатып сугаруу системасы орнотулат жана бул иш чараны жалпы райондун аймагына жайылтуу боюнча үзгүлтүксүз жумуш жүргүзүлөт.

2023-жылы Толук айыл аймагын,  А. Суеркулов айыл аймагынын  Бел-Алды айылын жана Кетмен-Дөбө айыл аймагынын  Кара-Күнгөй, Ак-Тектир айылдарын органикалык аймака өткөрүү боюнча КР Айыл чарба министрлигинин  Органикалык айыл чарба департаментине кат жолдонгон. Органикалык аймака өтүүнүн этаптары, принциби жана артыкчылыктары жөнүндө жалпы айыл элине окутууларды 2024-жылдын 4-кварталында өткөрүү пландаштырылган. Натыйжада жогорудагы аймактар органикалык аймак болуп таанылгандан кийин, аймактагы өндүрүлгөн бүтүндөй айыл чарба продукциялары органикалык жактан таза продукция болуп таанылып, экспортко чыгаруу потенциалы жаралат.

2024-жылда райондун аймагында малина, клубниканы өстүрүүнүн ыкмалары боюнча 2 семинар, жүгөрү менен сорго өсүмдүгүн өстүрүү жана чыктуу тоют даярдоо боюнча 1 семинар, асыл тукум мал асыроо боюнча 1 семинар өткөрүлдү.

А.Сүйөркулов айыл өкмөтүнүн тургуну жеке ишкер Эркин уулу Айбек тарабынан мобилдик тооккана курулуп, учурда 2000 эт багытындагы тооктор багылууда.

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тапшырмасына ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 7-октябрындагы №509 буйругу менен райондун аймагында “Өзгөрүш” аталышындагы бир машина-трактордук станциясы (МТС) ачылган. Ачылган МТСтин балансында 6 техника бар. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган МТСте айыл чарба техникаларына сервистик тейлөө иштери жүргүзүүлүдө.

2023-жылы Толук айыл аймагында 1 балык чарба уюштурулган.   А. Суеркулов айыл аймагында  жеке ишкер А.Табалдиев форель балыгынын икрасынан чабак чыгаруучу цех курууга долбоор жазган.  Бул долбоор Токтогул районун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, долбоорду каржылоого 5,0 млн сом бөлүүгө чечим кабыл алынган.

2024-жылдын 13-майында балык чарба департаменти, Токтогул шаардык мэриясы жана Токтогул суу сактагычынын акваториясында осетр кластерин түзүү боюнча “Азия продукт”  компаниянын ортосунда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлду. Кластер түзүү үчүн 3,5 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Долбоордун болжолдуу наркы 82,0 млн сомду түзөт.  Осетр балыгынын 1,2 млн чабактарын өстүрүү үчүн 8 бассейн, балыктарды  кайра иштетүү боюнча цехтерди куруу, жаңы 100 жумуш орун түзүү пландаштырылууда. Азыркы учурда электр чубалгылар тартылып, цехтерди куруу  иштери жүрүүдө.

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан 2023-жылдын август айында сынак жарыяланып, сынактын жыйынтыгы менен  Токтогул суу сактагычына балык өстүрү үчүн пайдаланууга  9  балык чарба жеңүүчү болуп табылган. Бүгүнкү  күндө  жеңүүчү болгон 9 балык чарбадан 2 балык чарбада капастык курулмалар курулуп, форель балыгынын  чабактары ташталып, өстүрүүлүдө. 1 балык чарбада 5 даана капастык курулмалар курулууда. Ал эми калган  5 балык чарбада иштер жүргүзүлө элек. Бул  маселе боюнча Балык өнөр жай комплекси департаментинин тийиштүү адистери келип, балык чарбаларга мониторинг жүргүзүп кетишти. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан сынактын жыйынтыгын кайра карап чыгуу маселесин көтөрүү боюнча Балык департаментине кат менен кайрылуу зарыл.

Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында КР Айыл чарба министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти аркылуу  келген  3640 кг эспарцеттин үрөндөрү  жайыттарга 2024-жылдын ноябрь айында себилет. Отчеттук мезгилде жайыт акы чогултуунун планы  5197,8 миң сом болуп бекитилсе, жайыт акыларга  4250,5  миң сомду топтолуп, пландын аткарылышы 81,8 % түзүп, 947,3 миң сом кем чогулган. Жайыт акылардын пландык тапшырмалары Э. Иманалиев айыл аймагында (26,5 %),  Толук айыл аймагында (57,3 %), Токтогул шаарында (81,3 %), Кетмен-Дөбө айыл аймагында (99,8 %), аткарылбай калган. 

2024-жылдын 9 айында ирригация тармагында райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан бардык ирригациялык  объектилер  оңдолуп,  46,8 км чарба каналдары тазаланган.

КР Министрлер Кабинетинин 29.04.2024-ж. “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү” №207 токтомун аткаруу максатында айыл аймактардагы ички чарбалык каналдарды, насосторду, БСРлерди тактоо иштери жүргүзүлгөн. Мыйзам талаптарына ылайык жогорудагы мүлктөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү процесси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги аркылуу жүргүзүлмөкчү (ФУГИ). Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын берилген тапшырмага олуттуу көңүл бурбагандыктан, жергиликтүү кеңештердин чечимдери берилбей, райондук суу чарба башкарамалыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети берип жаткан бекер  техниканы ала албай калган.

Атайын эсептин каражаттарынан Кемпир-Өлдү каналынын ДСД документери жасалып, Сары-Таш каналынын башына кошумча насостук бекет курулган. Жаңы–Арык каналынын курулушу жүрүүдө. Жаңы–Арык каналынын курулушун август айында аяктоо пландаштырылган, бирок азыркы убакытка чейин иштер бүтө элек.

 

2024-жылдын 9 айында  айыл аймактар боюнча 1176 ийне жалбырактуу, 1051 жазы жалбырактуу,  5546 түп көчөттөр отургузулган. Токтогул шаарынын мэриясы тарабынан Тегерек  участкасынын 3,5 га жер аянтына  1200 даана жаңгак көчөтү, Токтогул токой чарбасы тарабынан Кайрак участкасынын 1,5 га кайрак жер аянтына 350 түп өрүк көчөттөрү, 4,0 га жаңгак экме токоюна 300 түп жаңгак көчөттөрү отургузулган.

 

Ветеринардык иштер:  2024-жылдын 1-октябрына карата 46010 баш кара мал, 14782 баш жылкы, 79029 канаттуулар санактан өткөрүлгөн. Райондун аймагында эпизоотиялык абалды алдын алуу максатында жалпы  9502  жолу  кандын пробасы алынып,    ооруларга каршы жалпы 95267  вакцина салынган. Рев-1 вакцинасынын жоктугуна байланыштуу 40 000 баш жандык мал бруцеллезго каршы эмделген жок. Аткарылган ветеринардык иш чараларга карабай, 2024-жылдын 9 айында бруцеллез оорусу менен 25 адам ооруп (2023-ж.- 34 адам),  эхинококкоз менен 9 адам (2023-ж.- 21 адам),  , ооруган.

Кутурма оорусуна каршы 1114 баш жолбун ит, 13 карышкыр, 10 чөө атылып, жок кылынган.

Азыркы учурда райондун аймагындагы Токтогул шаарынын Опос участогунда жаңы бардык санитардык-ветеринардык шартына ылайык мал базар 2023-жылы курулуп иштеп жатат. Ошондой эле Кызыл-Өзгөрүш айылындагы “Матыбай-Ата” мал базарында  Э.Иманалиев айыл өкмөтү тарабынан Кызыл-Өзгөрүш айылынын четинен жерди чектеп, трансформацияло иштери жүрүп жатат.

Отчеттук мезгилде 3-кварталга 22 ишкердик субьекти пландуу түрдө текшерүү макулдашылган. 3 субьект жабылып калгандыгына байланыштуу текшерилген жок. Калган субьектилерге мониторинг жүргүзүлүп, 31 көрсөтмө берилген.  Сүттү кайра иштетүүчү 1 ишкана (Ля-Вуа Лакте) жана 2 балык чарбасы ички реестрге киргизилген.

 

        “Алатай” мамлекеттик  жаратылыш паркында 2024-жылдын январь-сентябрь айларында Алатай өрөөнүнүн “Көл” участогуна 0,40 гектар жерге 1,0 миң даана Тян-Шань карагайынын, Кызыл китепке кирген Симмерс алмасынын уруктары себилип, көчөткана уюштурулган. Көчөтканада ошондой эле Тянь-Шань карагайынын, ак кайыңдын көчөттөрү өстүрүлүүдө.

30 жерде орнотулган фотокапканда жапайы жаныбарлардын  тартылган сүрөттөрү илимий фондго топтоолууда. Кызыл-Өзгөрүш жана Чолпон-Ата айылдарында жашаган жергиликтүү калк менен 23 жолу жолугушуулар өткөрүлүп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча пикир алмашуулар өткөрүлдү. Чолпон-Ата айылындагы Даңканай, Кызыл-Өзгөрүш айылындагы Чодошев жана Токтогул шаарындагы Боконбаев орто  мектептеринде окуучулары менен 6 жолу экологиялык сабактар өткөрүлүп, жаратылыш паркынын максаттары жөнүндө буклеттер таркатылган.

Токтогул районунун чарба өндүрүүчү дыйкандарына колдоо көрсөтүү максатында берилген мамлекеттик насыялардын кайтарымынын графигине ылайык 2024-жылдын отчеттук мезгилинде 15,4 млн сом топтолуп,  план 100,5 % аткарылган.

Отчеттук мезгилде райондун негизги капиталына 1 млрд 186 млн сомдук инвестициялар тартылып, 2023-жылга салыштырмалуу 8,1 % га же 153,1 млн сомго жогорулаган.

         Транспорт тармагында: 2024-жылдын январь-сентябрь айларында  автоунаалар менен жалпы көлөмү 107,8 миң тонна  жүктөр ташылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи  105,4 % түзгөн. Ушул эле мезгилде  1,7 млн жүргүнчү ташылып,  былтыркы жылдын январь-сентябрь  айларына салыштырмалуу 5,4 %га өскөн.

№23, №30- жол тейлөө ишканалары тарабынан 2023-жылдын 9 айында жалпы 128,8 млн сомдук иштер аткарылган. №23-жол тейлөө ишканасы тарабынан республикалык  маанидеги Торкен-Толук а/жолунун 3,0 км асфальт төшөлүп, 10 чакырымы шагылданган. Ал эми, капиталдык  салымдар  беренеси боюнча  Токтогул -Беш-Таш автожолунун  2,3 км жол асфальтталган.

№30 жол тейлөө ишканасы тарабынан Үч-Терек-Өзгөрүш автожолунун 3 км асфальт  төшөлгөн, Үч-Терек-Өзгөрүш автожолунун  Ничке-Сай-Бууракан айылынын   5 чакырым аралыгына кум, шагыл төгүлүп, сүрүп тегиздөө жумуштары аткарылган. Андан сырткары                         Үч-Терек-Өзгөрүш автожолунун  4,7  чакырымында   эски асфальтты  сыйрып, жолдун негизин жасоо жумуштары аткарылган.

2023-ж. 9 айында райондун аймагындагы  ички чарбалык жолдордо  жалпы   65,9 млн сомдук иштер аткарылган. Отчеттук мезгилде  123,7 км жол шагылданып (2,8 млн сом), 305,8 км жол сүздүрүлгөн (1,9 млн сом), 3 даана көпүрө  оңдолгон (810,9 миң сом), 5,5 км  ички жолго асфальт төшөлгөн (57,3 млн сом),  9,2 км көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу (2,6 млн  сом) орнотулган .

п/п

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл округдардын,

шаардык башкаруулардын аталышы

Асфальт төшөө, км  /

миң сом

Жаңы жол куруу, км/ миң сом Жолдорго шагыл төшөө, км

/ миң сом

Көчөлөрдү сүздүрүү,

км/ миң

сом

Көпүрөлөрдү куруу, оңдоо,

даана / миң сом

Көчөлөрдүн түнкү

жарыгын куруу, оңдоо,

км / миң сом

Жалпы керектелген каражат,

миң сом

Каржылоо булагы, миң сом
Жергилүктүү бюджет Гранттар, инвестициялар Калктын салымы Республикалык бюджет Жайыт комитети

 

1. Кетмен-Дөбө а/а 5,5/40 2,7/80,0 91,5/424,0 534,0 290,0 140,0
2. А.Суеркулов  а/а 21,2/

332,5

105,6/ 169,7 502,2 332,5 69,7
3. Толук а/а 1,1/110,0 3,2/40,0 150,0 150,0
4. С-Ка-мыш а/а 7,0/350,0 350,0 150,0
5. Э.Иманалиев 3,0/150,0 4/200,0 350,0 150,0
6. Үч-Терек а/а 25/112,0 50,0/50,0 3 көп/

804,9

966,9 392,5 302,4 112,0 160,0
7. Токтогул мэриясы 2,6/

57304,1

1655,7 39,2/ 1655,7 51,5/ 1056,6 1 көп/ 6,0

48тр/

348,0

9,2/

2641,7

63012,1 4004,3 12170,0 616,0 45134,1
8.       Район боюнча 2,6/

57304,1

5,5/

1695,7

 

123,7/

2790,2

305,8/

1940,3

4 көп/ 810,9

48тр/

348,0

9,2/

2641,7

65865,2 5469,3 12472,4 825,7  112,0 45294,1

 

Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо: Европа өнүктүрүү банкынын долбоору менен Токтогул шаарынын таза суу түтүгүн реабилитациялоо иштери 2 траншка бөлүнгөн. 1-транш  аткарылып,  суу башатын,  7 км водоводду,  18,8 км шаар ичиндеги суу түтүктөрүн реконструкияланып, азыркы учурда  жеке турак жайларга суу берилген.

Кызыл-Өзгөрүш айылынын Таза суу долбоору Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 2022-жылдын  титулуна киргизүү Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаменти аркылуу сунушталган. Бирок ушул мезгилге чейинки аралыкта финансы каражаты чечилген эмес.

2024-жылы областтык өнүктүрүү фондусунан 9,0 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланып,  “Элзан Строй” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү болуп табылган. Кызыл-Өзгөрүш айылына караштуу Камыш-Башы элдүү пунктунун Таза суусунун  жер казуу иштери (скважина) башталды.

Айыл аймактарда ичүүчү суунун 13,06 км түтүктөрү жаңы тартылып, 4511,0 миң сом жумшалган. Мунун ичинен жерг.бюджеттен – 643,0 миң сом, “Ассафа” КФ – 3,5 млн сом сарпталган.

 

Токтогул районун аймагында Таза суу, ичүүчү суу системаларынын курулушу  боюнча 2024-жылдын 9 айында аткарылган иштер жөнүндө маалымат

 

Айыл

аймактар

км Жалпы 2024-ж. 9 айында суу түтүктөрүн оңдоо иштеринин акча каражаттары (миң сом)
   Муну ичинен:
Респ. бюдж. Жерг. бюдж. Атайын эсеп Калк  

ДАТП

Ислам өнүк-түрүү банкы ЕБР «Асса-

фа» КФ

1 Сары-Камыш      
2 Толук 7,0 445,0 445,0          
3 А.Суеркулов 2,5 3600,0 100,0         3500,0
4 Кетмен-Төбө 3,5 268,0                
5 Үч-Терек                  
6 Э.Иманалиев 0,06    198,0   198,0            
7 Токтогул шаардык мэриясы                    
Район боюнча: 13,06 4511,0   643,0 100,0       3500,0

 

            Энергетика: 2024-жылдын 9 айында 128,085 млн. кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, бекитилген лимиттен 4,07 млн кВт саатка ашыкча пайдаланылган, бирок   өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 4,2 млн кВт саат  аз пайдаланылган. Электр энергиясынын жалпы жоготуулары  12,1% түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 %  азайган.

Отчеттук мезгилде пайдаланган электр энергиясы үчүн 110,3 млн сом топтолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 млн сом көп топтолгон.

Пайдаланылган электр энергиясы үчүн жалпы дебитордук карыз 11,9 млн сомду түзгөн. Анын ичинен, бюджеттик жана хозрасчеттогу мекеме-уюмдардын, ишканалардын карызы – 920,0 миң сомду, калктын карызы –10,96 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дебитордук карыз – 1,05 млн сомго азайган. Жылдын башында 1 абонентке 761 сом карыз болсо,                                  3-кварталдын  аягында 1 абонентке 635 сомдон дебитордук карыз туура келип,   126 сомго азайган. Эң көп карыз  Э.Иманалиев  айыл аймагында 1 абонентке карыз 2799 сом болсо, Сары-Камыш айыл аймагында  693,40 сомдон айланган. Ал эми, Кетмен-Дөбө айыл аймагында  карыз эң төмөн болуп, бир абонентке 85 сомдон айланган.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында 121 авариялык өчүрүүлөр катталган же өткөн жылга салыштырмалуу 21 өчүрүүгө аз болгон.

2024-жылдын 9 айында  жалпы  427 бетон мамыча орнотулуп, 9,1 км  аба чубалгылары тартылган жана кошумча 3 даана 10/04кВ комок чордон орнотулган. Бүгүнкү күнгө  айыл окмоттордун балансында жалпы 53 даана  трансформаторлордун ичинен 2021-2023-жылы  24 даана трансфоматор РЭСтин балансына өткөрүлүп,   29 даана трансформатор  калган.

1.Токтогул шаардык мэриясы 2 даана ;

2.Толук айыл өкмөтүндө 3 даана;

3.Сары-Камыш айыл өкмөтүндө 3 даана;

4.Кетмен-Төбө  айыл өкмөтүндө  10 даана;

5.Э.Иманалиев айыл өкмөтүндө 4 даана;

  1. Үч-Терек айыл өкмөтүндө 7 даана.

Жалпы 25 даана трансформаторду иш кагаздары бүткөрүлүп,  өткөрүп  алуу үчүн  Токтогул райондук электр тармактар ишканасына  тапшырылган. Ал эми, Э.Иманалиев айыл өкмөтүндө 4 даана трансформатор ушул күнгө чейин Токтогул РЭСине тапшырыла элек.

Трансформатордук подстанцияларды Токтогул райондук электр тармактр ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча райондук штабда 2023-жылы 5 жолу, 2024-жылы 4 жолу каралып тапшырма берилген. Бул маселе боюнча Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Сатаров  райондук мамлекеттик администрация тарабынан коюлган тапшырмаларды өз учурунда аткарбаган жана  милдетине салкын мамиле жасаган деп белгилесек болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде райондун калкына жеңилдик катары                            2023-жылдын 4-кварталы жана 2023-жылдын 1, 2-кварталдары үчүн жалпы 13 млн 758 миң сом  акча каражаттары келип, ар бир абонентке 796 сом 82 тыйындан компенсация бөлүнүп, абоненттердин эсептерине которулган.

 

Чакан ГЭСтер боюнча:

Район боюнча 12 жерде чакан ГЭС курууга жер тилкелери трансформацияланып, бөлүнүп берилген. Мунун ичинен Үч-Терек айыл аймагынын Кара-Суу суусуна “Кайнама” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика” фондусунун пайдалануусуна  5 чакан ГЭСтин жер аянттары трансфомацияланып, өткөрүлүп берилген. Кандайдыр бир себептер менен курулуш иштерин баштай элек компанияларына тез аранын ичинде жерлерди кайтарып алуу боюнча каттарды жөнөтүү зарыл.

 

          Бюджеттин аткарылышы: Отчеттук мезгилде жалпы 224 млн 85 миң сом салык топтолуп, мамлекеттик бюджеттин план тапшырмасы 100,2 % аткарылып, 554 миң сом көп топтолгон. Өсүү темпи 121,7 % түзгөн. М.и. жергиликтүү бюджетке  128 млн 460 миң сом план жеткирилсе, 128 млн 607 миң  сом топтолуп, план 100,1 % аткарылган же өсүү темпи 106,0 % түзгөн.

Ал эми республикалык  бюджетке 96 млн 32 миң сом чогулуп, план 100,4% гана аткарылган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 32,7 млн сом көп топтолуп,  өсүү темпи  151,7 % түзгөн. Республикалык бюджеттин пайдадан алынуучу салыктын  (80,7 % – өсүү темпи 309,4 %), кошумча нарк салыгынын (90,6 % – өсүү темпи 144,7 %)  сатуудан алынуучу салыктын  (99,2 % – өсүү темпи 145,4 %) пландары көп берилип калып, тапшырмалар толук аткарылбай калган. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темптери камсыздалган.

 

Райондун аймагында көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) орнотууга милдеттүү субъектилердин жалпы саны –1080 болсо, 01.10.2024-ж. карата 1038 ККМ орнотулуп, 96,1 % түзгөн. Мунун ичинен 54 аппараттык, 960 программалык ККМ, 24 мобильдик ККМ.

2024-жылдын 9 айында айыл аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешелери боюнча план-тапшырма 136,2 млн сом болуп белгиленсе, иш жүзүндө 151,3 млн сом топтолуп, план 111,1 % аткарылган. Мунун ичинен салыктык кирешелердин планы 101,2 %га, салыктык эмес кирешелер 242,7 % га аткарылган. Жергиликтүү кирешелердин планы Токтогул шаарында (105,3 %), Кетмен-Дөбө (138,7 %), А. Суеркулов (117,8 %), Үч-Терек (129,8 %)  айыл  аймактарында  ашыгы менен аткарылган. Ал эми Э. Иманалиев (93,4 %), Сары-Камыш (91,2 %), Толук (91,0 %) пландык тапшырмалар аткарылбай калган.

Ошондой эле  жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн  кээ бир түрлөрү аткарылбай калган. Мисалы:

  • салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы – Токтогул мэриясы (91,5 %), Э. Иманалиев а/а (96,3 %), Сары-Камыш а/а (81,8 %), Толук а/а (85,7 %), А. Суеркулов  а/а (89,2 %);
  • жеке тараптардан алынуучу жер салыгы – Токтогул мэриясы (84,2 %), Э. Иманалиев а/а (87,0 %);
  • кайра бөлүштүрүү фондусунун жер ижарасы – Токтогул мэриясы (81,0 %), Э. Иманалиев а/а (74,7 %);
  • калктуу конуштардын жер ижарасы үчүн – Кетмен-Дөбө а/а (41,9 %),                    Э. Иманалиев а/а (5,9 %);
  • жайыт акылар – Токтогул мэриясы (81,3 %), Кетмен-Дөбө  а/а (99,8 %),               Э. Иманалиев а/а (26,5 %), Толук а/а (57,3 %);
  • кыймылсыз мүлк салыгы – Үч-Терек  а/а (83,0 %);
  • роялти үчүн-А.Суеркулова/а (94,7 %)                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    

Айыл өкмөт башчылары, мэр тарабынан алкоголдук продукцияларды сатууга лицензия алуу боюнча маселеге олуттуу көңүл бурулбай жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензия алуу жеңилдетилгенине карабай, жыл башынан бери болгону 23 ишкер лицензия алган. Ар бир лицензияга төлөнө турган 10,0 миң сом жергиликтүү бюджетке 100 % түшөрүн эскертип кетем. Мисалы, Толук айыл аймагында бир да лицензия алынган эмес Ал эми Токтогул шаарында 21 ишкер лицензиясы жок соода кылууда.

 

Спирт ичимдиктерин саткан ишкерлердин саны Лицензиясы бар ишкерлердин саны 2024-жылы алынган лицензиялардын саны Жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелер, миң сом
Кетмен-Дөбө а/а 17 11 5 50,0
А. Суеркулов а/а 11 6 1 10,0
Толук а/а 4 0,0
Сары-Камыш а/а 0,0
Э. Иманалиев а/а 15 8 7 70,0
Үч-Терек а/а 27 8 5 50,0
Токтогул шаары 53 32 5 50,0
Район боюнча: 127 104 23 230,0

 

2024-жылдын 9 айында социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн план-тапшырмасы 348,7 млн сом  болуп белгиленсе, иш жүзүндө 365,8 млн сом топтолуп, план 104,9 % аткарылган.  Өткөн жылга салыштырмалуу 38,2 млн сомго же 11,7   % га көп чогулган.

2023-жылдын январь-сентябрь  айларында айыл аймактардын  өзүн-өзү каржылоосу район боюнча 61,7 %ды түзсө, 2024-жылдын 9 айында 61,2 %ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 %га азайган. Үч-Терек айыл аймагында бул көрсөткүч 29,3 % жогорулап, айыл аймак өзүн – өзү 101,1 % камсыздаган. Ошондой эле А. Суеркулов (+10,6 %),  Э. Иманалиев (+0,7 %) айыл аймактарында өзүн-өзү жогорулаган.

Айыл аймактардын аталышы 2023-жылдын 9 айындагы өзүн-өзү камсыздоо (%) 2023-жылдын 9 айындагы өзүн-өзү камсыздоо (%) Айырма
1. Кетмен-Дөбө 49,9 49,2 -0,7
2. А. Суеркулов 35,7 46,3 +10,6
3. Толук 32,6 31,6 -1,0
4. Сары-Камыш 23,2 22,3 -0,9
5. Э.Иманалиев 46,2 46,9 +0,7
6. Үч-Терек 71,8 101,1 +29,3
7. Токтогул шаары 86,3 70,0 -16,3
Район боюча: 61,7 61,2 -0,5

 

Республикалык бюджеттин теңдөө грантынан  55,6 млн сом келип, дотация 38,8 % түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу  7,2 млн сомго аз келген.

Токтогул  району боюнча 2024-жылдын 9 айында жалпы 1 млрд 838 млн сом инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 182 млн сомго көп  же болбосо өсүү темпи 101,0 % түзгөн.

Анын ичинен ички инвестиция 1 млрд 520 млн сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 19,2 млн сомго көп тартылган жана өсүү темпи 101,2 % түзгөн. Районубузга тыштан тартылган инвестициялардын көлөмү  318  млн 200 миң  сомго жетип, 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 59 млн көп келген же болбосо өсүү темпи 122,8 % түзгөн.

Тартылган ички инвестициялардын эсебинен Токтогул шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен (32,0 млн сом) 130 орундуу  бала бакча курулуп, ишке берилген. Атайын эсептин каражаттарынан ирригация жана социалдык тармактарына жалпы 33,8  млн сом каржыланган. Республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Өнүктүрүү фондусунан Турдумамбетов ат. мектептин сырты оңдолуп, Чолпон-Ата а. бала бакчага жайкы ашкана, кампа курулуп,   №39 кесиптик лицейге, Чаргынов ат. мектептин ашканасына жабдуулар, эмеректер алынган. Жалпы 11,5 млн сом каржыланган. Эмгек мигранттарынан 537,0 млн сом келген, финансылык компаниялардан жана коммерциялык банктардан 1 млрд 783 млн сом насыялар берилген.

 

Сырткы инвестициялар:

 

Дүйнөлүк банктын эсебинен Токтогул районунда 5 мектепте оңдоо иштери жүрүп, 3 сааттык бала бакчалар ачылган. Жалпы 12 жумуш орун түзүлүп, 300 бала окутулуп жатат.

JICA Япон агенттиги тарабынан Бишкек-Ош автожолунун 216-222-чакырымдарынын Ала-Бел участогунда карды кармоо курулмалары курулган.  Токтогул шаарынын, А.Суеркулов, Үч-Терек, Э.Иманалиев айыл аймактарынын стоматологиялык кабинеттерине  4 комплект  стоматологиялык жабдуулар берилген, Турусбек, Жамгырканов, Жүндүбаев атындагы мектептерге    интерактивдүү доска, эмеректер, орг.техника, видео,  музыкалык жабдуулар, Ак-Тектир айылдык ден-соолук комитетине спорттук жабдуулар алынган. Үч-Терек ЖДПБна 1 даана УЗИ аппараты орнотулган. 45  балага 192,0 миң сомдук кийим кечектер таркатылып, 368 балага 2225 сомдук күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүк (ун, суу май, шекер, гречка, күрүч, перловка, макарон)  таркатылган. Кытай ишкерлери тарабынан Токтогул шаарында  1 томографиялык борбор ачылган.

 

“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын  Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңеши  тарабынан 2024-жылга 38 иш-чарадан турган иш план бекитилген.                          2024-жылдын 1-октябрына   карата  жалпы 27 иш чара 26,8 млн сомго каржыланган. Мунун ичинен 14 иш чара толук аткарылган.

Атайын эсеп тарабынан 2024-ж. 9 айында каржыланганы

  2024-ж. 9 айында каржыланганы, м.сом
Кетмен-Дөбө а/ө 4247,6
А. Суеркулов а/ө 9636,8
Толук а/ө 3200,0
Сары-Камыш а/ө 510,0
Э. Иманалиев а/ө 1789,5
Үч-Терек а/ө 1669,0
Токтогул мэриясы 8678,0
Мекемелер боюнча 882,6
Долбоорлор, дебитордук карыздар 1573,9
Район боюнча: 26794,5

 

Токтогул районунун өнүктүрүү фондусуна  2024-жылдын 9 айында 17 долбоордук өтүнмөлөр тапшырылган. Суралуучу сумма 32,9 млн сомду түзгөн. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумунда 25,2 млн сомдук 15 долбоор жактырылган жана 10 долбоор 11,5 млн сомго каржыланган. Фонддун эсебинен  Чаргынов ат.  мектептин, №39  лицейдин ашканаларына, Торкен айылындагы, Үч-Терек айылындагы маданият үйлөрүнө жабдуулар, эмеректер алынган. Турдумамбетов ат. мектептин сырты оңдолуп, брусчатка төшөлгөн. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн күйүүчү майлар алынып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнө куткаруучу жабдуулар, куткаруучу кайыктар алынган.

Өнүктүрүү фондусу  тарабынан 2024-ж. 9 айы каржыланганы

Долбоордун саны 2024-ж. 9 айында каржыланганы, м.сом
Кетмен-Дөбө а/ө 1 1429,4
А. Суеркулов а/ө 2 678,6
Толук а/ө
Сары-Камыш а/ө
Э. Иманалиев а/ө 1 390,6
Үч-Терек а/ө 2 2384,2
Токтогул мэриясы 3 5724,9
Райондук 1 870,6
Район боюнча: 10 11478,3

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындгы  № 291-токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык аткарылган иштердин жыйынтыгы төмөндөгүчө: жалпы мунапыстын негизинде мамлекеттик акт алганадардын саны 2727, техникалык паспорт алгандардын саны 208 түздү. Жалпы 6829 мунапыс же болбосо 40 % аткарылган, 409 га жер тилке трансформация болгон. Бул көрсөткүч  Э.Иманалиев  айыл аймагында 25 % , Толук айыл аймагында 13 % түзүп жатат. Ошондуктан, аталган айыл өкмөттөрү бул иш чаранын үстүндө ыкчам иш алып баруулары зарыл.

 

КР Президентинин 2022-жылдын  8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө №109 Жарлыгын аткаруу максатында райондук комиссия тарабынан жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 124 жаран өз ыктыяры менен жер чектерин калыбына келтирген.

2024-жылдын 9 айында Токтогул шаардык мэриясынын карамагындагы айылдардын көчөлөрүндөгү курулмалар  алынган. Ал эми              Үч-Терек айыл аймагынын  Кызыл-Ураан, Саргата, Жетиген айылдарында агын суу, канал, булактардын айланасында турак жайлардын ашыкча тосмолорун алдыруу, жолдорду ачуу, жерди максатсыз пайдаланууну алдын алуу боюнча  комплекстүү иштер жүргүзүлгөн.

Райондук комиссиянын иш алып баруусу менен Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги ар кандай баш аламан жайгаштырылган  жарнамалык щиттер алынып, ташталды. Бул иш чара А.Суеркулов жана                   Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө дагы улантылат.

 

Токтогул райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 9 айында жарандарга 3318 Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (айди-кард), 1062 жалпы жарандык паспорт  даярдалып, жарандарга берилген. Каттоого 3782 жаран турган, каттоодон 9 жаран чыккан. Өз убагында паспорт албаган 45 жаран, СССРдин паспорту менен жүргөн 5 жаран Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алышкан.

 “Кыргызтелеком” ААКнун Токтогул бөлүмү тарабынан 2024-жылдын январь-сентябрь  айларында 6,7 млн сом киреше табылып, план 102,1 % аткарылган. Отчеттук мезгилде  7 телефон орнотулуп, 195 абонентке интернет кошулган, жалпы 33,0 км оптико-волокондук кабель  тартылган.

Токтогул райондук спорттук–техникалык коргонуу уюмунда отчеттук мезгилде  96  адам окутулган. Мунун ичинен “В” категориясына 42 адам,  “ВС” категориясына – 50 адам,  “Е” категориясына –1адам, “Д” категориясына – 4 адам.  Андан сырткары 4 адамга  дубликат берилген.

2024-жылдын 9-айында экологиялык коопсуздукту алдын алуу максатында жалпысынан 51 пландан тышкары көзөмөл текшерүү жүргүзүлүп, 22 жаранга  предписание берилген.    Жаратылыш мыйзам талаптарын бузган 36 жаранга 239,0 миң сом айып салынып, өткөн жылдан калган айыптар кошулуп,  мамлекеттин пайдасына  29 жарандан  172,0  миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле ар кандай мыйзам бузуучулук  менен өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнө, жер,суу ресурстарына, балык запастарына келтирилген зыяндар үчүн 28 жаранга 372,6 миң сом доо коюлган.  23 жарандан 245,1 миң   сом доо өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке кириштирилген. Укук коргоо, сот органдарына 7 материал өткөрүлүп берилген.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  №288 токтомунун негизинде жогорку органдардан дары-дармек өсүмдүктөрдүн бышып-жетиле электе терип-жыйного берилип жаткан уруксаттар боюнча раймамадминистрацияга  өсүмдүктөрдүн бышып, уруктарын чачканга чейин терип жыйнону токтотуп туруу боюнча атайын сунуш киргизилген жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына, жайыт пайдалануу бирикмелерине эскертмелер берилген. Бирок ага карабастан мыйзам бузуу фактылар аныкталып, социалдык тармактарга жарандык активистер тарабынын чыгарылып келүүдө. Берилген эскертмелер аткарууга алынбагандыктын натыйжасында жайыт пайдалануучулар бирикмелер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөн жана айрым жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин төрагаларына Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси боюнча чаралар көрүлүүдө.

Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура регионалдык башкармалыгына   2024-жылдын 9 айында  188   арыз келип түшкөн. Мунун ичинен арыз кайра кайтарылган. 166 арыз АГЗ, АТЗ жана ГЗ кабыл алынып, жасалып берилген.

3 этаждуу турак жай куруу үчүн 35 жаранга ГЗ берилген. Аткарылган иштин көлөмү  4931,0 миң сом болуп 2023-жылга  ( 2023-жылы 3701,0 миң сом болгон ) салыштырмалуу 1230,0 миң сомго көп аткарган.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

2024-жылдын 9 айына карата район боюнча жалпы жакыр үй-бүлөлөр  30,0%ды  (2023-32,4%) түзүп,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жакырчылык деңгээли 2,4%га кыскарган же болбосо 2038 үй-бүлө жакырчылыктан чыккан. Токтогул шаарында, Кетмен-Дөбө, Үч-Терек, А.Суеркулов, Толук, Сары-Камыш айыл өкмөттөрүндө жакырчылык денгээли 4,9% дан 0,4%га чейин төмөндөсө, Э.Иманалиев айыл өкмөтүндө 1,6%га жогорулап кеткен.

КРнын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №385 токтомунун негизинде “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү ” долбоорунун алкагында балдары бар жана аз камсыз болгон  үй-бүлөгө бизнес долбоордун негизинде 2024-жылдын 9 айында 100000 сомдон каражат 508 үй бүлөгө бөлүнүп берилип, каражат алган үй-бүлөлөр түзүлгөн бизнес-пландын негизинде иш алып барышууда. Бөлүнүп берилген каражаттын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыкка, тигүүчүлүккө, соода-сатыкка жана бал чарбачылыкка жумшалууда. Дагы 239 үй-бүлө “Социалдык келишим” долбооруна тартылыш керек. Долбоорго үй бүлөлөрдү тартуу боюнча Токтогул шаарында (148) иш солгун жүрүп жатат, ал эми Э.Иманалиев (25), Кетмен-Дөбө (25), А.Суеркулов (24), Үч-Терек (17) айыл өкмөттөрү бул багытта иш алып барууну жандандыруусу зарыл.

2024-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин каражатынан 2569   аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 8828 балага  мамлекеттик  жана 2449 үй-бүлөдөн 2449 адамга социалдык жөлөк пулдар чектелип, жалпы республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты 278688,6 миң сомду (2023-ж. 300 417,5 миң сом) түздү. Социалдык женилдиктер үчүн берилүүчү  акчалай компенсациялар 813 адамга 11 163,0 миң сом (2023-ж. 806 адам, 11 394,0) өз убагында каржыланып төлөө жүргүзүлдү. 01.10.2024-жылга карата мамлекеттик, социалдык жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар толугу менен  төлөнүп берилген.

Район ичинде ички жана тышкы мигранттардын балдарын тактоо максатында үймө-үй кыдыруу менен маалымат базасы түзүлүп, 18 жашка чейинки 47 353 бала аныкталган. Анын ичинен ички мигранттар 420  үй-бүлөнү түзүп, анда жашаган балдар саны 600, тышкы мигранттар 839 үй-бүлө, балдар 1281 түзөт.

Турмуштун оор шартына кабылган 34 балага (2023-ж. 27) “Бала менен жеке иштөө планы” жана 2 үй-бүлөгө “Үй-бүлө менен жеке иштөө планы” түзүлүп, райондук мамлекеттик администрациянын “Балдар иштери боюнча комиссиясында” бекитилген.

Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 бала Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык социалдык мекемеге, турмуштун оор кырдаалына кабылган жана ата-энесинин камкордугунан толук ажыраган 2 бала Бишкек шаарындагы № 71 Т.Молдо атындагы жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн жатак мектебине, ошондой эле турмуштун оор кырдаалына кабылып, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 1 бала Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы “Гүлзар” балалык борборуна жайгаштырылышты.

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү. Ага 2667 балага катышып, жалпы 258 700 сом акча каражаты сарпталган. Мындан сырткары РСК банкында 65 тоголок жетим балдарга ачылган өздүк  эсептерине 213 147 сом акча каражаты топтолгон.

Башкармалык аркылуу 2024-жылдын 9 айында 14 бала камкордукка жана көзөмөлчүлүккө алынган. 7 бала  асырап алынган.

КР Өкмөтүнүн 23.11.2018-ж. №556 токтому менен “Багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө Жобонун” негизинде  255 ата-энеге ай сайын 7281 сомдон төлөнүп жатат.           9 айда жалпы 17 998 996 сом төлөндү. Ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 142 адам дарыланууга санаториялык-курорттук жолдонмо алышты. Дагы 224 жаран жолдомо жана 22 адам кресло-коляска  алууга кезекке коюлган.

Каттоодо турган 158 багар көрөрү жок  карыларга шефтикке бекитилген жетекчилер аркылуу 9 айга  159 375 сомдук материалдык колдоолор, аз камсыз болгон 159 үй-бүлөгө 321 949 сомдук  азык түлүк жана акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.

2024-жылдын 9 айында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 1506 адамды (2023-2069) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 563 адамга азайган. 72,7% азайган, жумушсуздуктун азаюусунун негизги себеби социалдык келишим долбоорунун алкагында мамлекет тарабынан берилген 100 000 сом алган жарандар жумушсуздардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу.

Ал эми расмий жумушсуздардын саны 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 590 адамга азайып, 1257 адамды түзгөн. 9 айда район боюнча 83 (2023-71) жумушсуз жаран жумушка жайгаштырылды.

Кыска мөөнөтүү кесиптик окууга  30 жаран (повар, тигүүчү, оператор- компьютер) жөнөтүлгөн, а.и  16 жаран окуп бүткөн жана 14 жаран окуп жатышат. 9 ай ичинде жалпы 24 жаран иш менен камсыз болгон. Азыркы учурда коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын эсебинен 9 адам эмгектенип жатат. Андан тышкары Токтогул району боюнча БУУ ДАТПнын каржылоосунун негизинде айыл аймактардан 32 долбоор сунушталып,  долбоордун негизинде 141 адам жумуш менен камсыз болуп иштешип, эмгек акыларына 32 тн 400 кг ун, 2 тн 891 л май, 299 460 сом акча каражат алышты. 9 ай ичинде “Бош жумуш орундар” жарманкесинин жыйынтыгы менен 17 жумушсуз жаран жумушка орношкон.

Кара-Каш карылар үйүндө  жалпы 26 адам жашайт, алардын ичинен 11 адам мүмкүнчүлүгү чектелген. Карыларга 4 маал тамак берилет, тамак ашка 200 сом, дары-дармекке 12 сомдон каралган.

Карылар үйүндө жашагандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кам көрүү максатында  2024-жылда  райондогу  “Атайын эсеп”  мамлекеттик ишканасы тарабынан  “Кара-Каш” социалдык стационардык мекемесинин имаратынын ичине капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп,  бөлмөлөрдүн каалгалары жана  жылуулук системалары алмаштырылды, жалпы кеткен каражат 886100 сомду түздү. Карылар жашаган имараттын ичинде жуунучу бөлмө жана ажаткана иштейт, мончосу, атайын намазкана бар, ыңгайлуу шарттар түзүлүп,  бөлмөлөр керектүү буюмдар (телевизор, кровать, вентиялтор, диван, стол, стул) менен жабдылган.

Токтогул район аралык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору

Район аралык медициналык социалдык экспертизалоо комиссиясына 01.10.2024-жылга карата 748 адам (а.и. 18-ж. – 311) кайрылып, анын ичинен 731 адам  майыптык алган.  Бул адамдардын ичинен 146 адам биринчи жолу кайрылып майыптык алса,  585 адам кайрадан кайрылышкан. Майыптык алган жарандардын ичинен 284 аял кишилер. 9 ай ичинде жүрөк кан тамыр оорулары, онкологиялык, неврологиялык жана трамва оорулары көп катталган.

Райондук социалдык фонд башкармалыгы

2024-жылдын 1-октябрына карата район боюнча 13 443 пенсионер (карылыгы б-ча 9659, майыптыгы б-ча 2820, багуусунан ажырагандыгы б-ча 964 адам жана 24 адам аскер кызматкери) каттоодо турат. 2024-жылдын 9 айына пенсияларды төлөө үчүн 1млрд 27млн 166 миң сом түзүп, пенсиялар  өз мөөнөтүндө төлөнгөн.  Өткөн жылдын 9  айына салыштырмалуу  керектелүүчү каражат 162 млн 400 миң сомго көбөйгөн. Жалпы 10 998 (81%) пенсионерге төлөмдөр банк аркылуу төлөнүп жатат. Бир айга керектелүүчү каражат  114 млн 130 миң сомду түзүп, пенсиянын орточо өлчөмү 8 522 (2023-7236) сомду түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу 1286 сомго жогорулаган.   Жарандарга пенсия төлөө саясаты КРнын Социалдык фондусунун “Eleed” программасынын негизинде жүргүзүлөт. 9 ай ичинде 630 жаран пенсияга чыгуу үчүн жана 328 пенсионер пенсиясынын топтоо каражатын алуу үчүн арыз менен кайрылып, 6 млн 722 миӊ 243 сом төлөнүп берилди. Жеке ишкерлер тарабынан 1508 даана камсыздандыруу полистери киргизилип,  суммасы  2 млн 327 мин сомду түздү.

“Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын райондук  филиалында 19 байланыш бөлүм бар. Байланыш бөлүмдөрү калкты кат кабар, гезит журнал, пенсия, жөлөк пул таратуу жана терминал кызматтары менен тейлейт. Райондогу байланыш бөлүмдөрү аркылуу  пенсия алуучулар 2533 адамды, компенсация алуучулар 16, жөлөк пул алуучулар 17 адамды түзөт.

2024-жылдын 9 айында жалпы почта кызматы (кат жөнөтүү, акча которуу, газетага жазылуу, газета сатуу, кошумча кызмат көрсөтүү, пенсия, жөлөк пул) аркылуу 5 642 649  сом  киреше табуу пландалса, иш жүзүндө  5млн 653 миӊ 043сом киреше табылып, план 100,2%га  аткарылган.

 

Райондук саламаттыкты сактоо тармагы

2024-жылдын 9 айы  ичинде район боюнча 970 бала төрөлүп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2023-1076)  106 балага  аз төрөлгөн.  Жаңы төрөлгөн балдарды эмдөө планы 96,4%га аткарылган (970-935).

2024-жылдын  9 айында  14 жашка  чейинки 11 баланын өлүмү (2023-13) катталган болсо, 1 жашка чейинки 7 ымыркайдын (2023-10, Токтогул-3, Кетмен-Дөбө-2, Үч-Терек-1, Э.Иманалиев-1) өлүмү катталган. Булардын ичинен 1 ымыркай жандандыруу бөлүмүндө (9 айлык),  3 ымыркай  үйүндө (1-11 айлык, 1-13 күндүк, 1-15 күндүк), 2 ымыркай төрөт бөлүмүндө (1-8 күн, 1-13 күн) 1 ымыркай Жайыл районунда каза болгон.

9 ай ичинде райондо 319 адам кайтыш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 87 адамга көп катталган (2023-232).

Жугуштуу оорулар боюнча

Район боюнча 2024-жылдын 9 айында жугуштуу оорулар 887 адамдан  (2023-1209) катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 322 ооруга аз катталган, адам өмүрүнө өтө коркунучтуу ич келте, сибирь жарасы,  кутурма, безгек оорулары жана ошондой эле вакцина менен башкарылуучу кептөөр, шал оорулары  катталган эмес.

2024-жылдын 9 айында райондо кургак учук оорусу 30 адамда табылган (2023-35) же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 5 адамга аз катталды. Жаңы катталган бейтаптардан жугуштуу бациллярдык түрү (БК+) менен 13 адамда аныкталган. 2024-жылда калкты флюроаппараттан текшерүү үчүн  4409 адам пландалса, 9 ай ичинде 3690  адам өтүп, белгиленген план 83,6%га аткарылды.

2024-жылдын 9 айы ичинде кургак учук оорусу менен ооруган 12 бейтапка (Мэрия 1 адам-2,0, Кетмен-Дөбө 7 адам-24,0сом, Э.Иманалиев 3 адам 13,0 сом, Толук а.ө.-1 адам 5,0сом)  айыл өкмөттөрү тарабынан 44,0 миң сом акча каражаты  берилген.

Токтогул району боюнча 2024-жылдын 9 айында ВИЧ оорусу менен 5 жаран катталган. Район боюнча жалпы 63 адам каттоодо турат, анын ичинен 34 адам гана райондо жашап, дарыланып дипсансердик кароодо турушат, 15 адам каза болгон, ал эми калгандары башка район-шаарларда жашашат, 6 адам  абакта олтургандар.  Диспансердик  кароодо турган оорулуулар квартал сайын анализдерин тапшырып, бир жылда бир жолу флюрографиядан өтүп турушат. ВИЧ энеден төрөлгөн балдардын саны 6 (а.и. 3-ВИЧ +). Бул үй-бүлөлөр медициналык жактан бекер дарыларды алып турушат.

Райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринде 9 ай ичинде 53 баатыр эне, 6 жашка чейинки 891 бала, Афган согушунун катышуучуларынан 3, майыптардан 418, пенсия жашындагы кары адамдардан 804 адам  төлөмдөрдөн бошотулуп, медициналык жардам алышкан, жалпы кеткен каражат 1 410 472сомду түздү. Мындан сырткары ооруканаларга кайрылган жакыр жана көп балалуу 26 үй-бүлөнүн мүчөлөрү жалпы дарылоону көзөмөлдөө комиссиясынын кароосунда каралып, кошумча төлөмдөрдөн бошотулуп, женилдик берилген, бул  жарандарга кеткен каражат 130 730 сомду түздү. Токтогул  жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 2021-жылдын октябрь айында  жарандарга ыкчам  медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү (ОЭМП)  ачылып, 2024-жылдын 9 ай ичинде 1060 адам кайрылып, медициналык жардам алышкан.

Токтогул району боюнча 2024-жылдын  9 айында жалпы сарык оорусу менен 153 бейтап катталган, а.и. “А” түрү менен 57 адам,  “В”  түрү менен 73 адам, “С” түрү менен 15,  В+Д түрү менен 7 адам жана аныкталбаган гепатит менен 1адам. Жашы боюнча мектеп окуучуларынан 55 окуучуда, бала бакчалардан 7 балада, 26 пенсия курагындагылар, иштебегендер ж.б. Сарык оорусу эң көп Терек-Суу (22) жана Чоң-Арык (25) айылдарында катталган.        Жалпы  сарык оорусунун “В” түрүнө каршы 1-дозадан 912,   2-дозадан 809,          3-дозадан 759 жаран (калгандары мөөнөтү келе элек),           жалпы 2480 жаран  эмделди.  Ал эми  кызамык оорусуна каршы 14751 бала эмдөөгө пландалып,  кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясында  9 айдан 7 жашка чейинки 12 209 бала эмделип, 83%ды түздү.

2024-жылдын 9 ай ичинде  төрөт үйүнөн эмдөө албай чыккан балдардын саны 30,  ал эми район боюнча жалпы эмдөөдөн баш тарткандардын саны 161.   Медициналык кызматкерлер тарабынан  эмдөөнүн  пайдалуу жактары боюнча  ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерден түшүнүк каттары алынган. Медицина мекемелеринде  электрондук кабыл алуу киргизилип, 2024-жылдын 9 айында 4504 жаран электрондук кезек менен кабыл алынган.

2024-жылдын 9 ай ичинде жугуштуу ооруларды  алдын алуу максатында Токтогул райондук ОААжМСЭК борборунун кызматкерлери тарабынан райондогу медицина мекемелерине, суу чарба мекемелерине, билим берүү бөлүмүнө, жеке  ишкерлерге жана мэрияга, айыл өкмөттөрдө жалпы 187 санитардык көрсөтмөлөр берилген, көзөмөлдө турган 461 объекттер текшерилип, 1197 актылар жазылган. Жогорку инстанцияларга жана райондогу мекеме ишканаларга жалпы 65 билдирүүлөр, маалыматтар берилген. Текшерүүлөрдүн негизинде санитардык норма, эрежелерди одоно бузган 56 кызматкерге 173 500 сом айып салынып, мамлекеттин пайдасына 24 кызматкерден  80  000 сом өндүрүлгөн, калгандарынын төлөө мөөнөттөрү келе элек. Райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө салынган айыптарды өндүрүү боюнча 6 материал тапшырылды. 3 объект убактылуу жабылган, 25 кызматкер убактылуу иштен четтетилген.

9 ай ичинде райондун  аймагында жашаган 9 жарандан  арыз түшүп,  өз убагында каралып жыйынтыгы арыз ээсине берилген.

2024-жылдын 9 айында Токтогул РОААжМСЭКБнун кызматкерлери тарабынан ооруларды алдын алуу маселелери боюнча 26 жолу семинарлар уюштурулуп өткөрүлгөн, 48 лекция окулган.

Райондун калкынын ден соолугуна кам көрүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында  2023-жылдын   ноябрь    айында Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ооруканасынын  имаратында мамлекеттик “Эл аман”  дарыканасы  ачылып,   райондун элине кызмат кылууда. Аталган дарыканадагы дарылар  жеке менчик дарыканаларга караганда  15-20%га  арзан сатылат.

Мындан сырткары райондун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерин заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында  Үч-Терек  ЖДПБна  АРИС   “CASA-1000” долбоору  аркылуу 3,0млн сомдук  УЗИ аппараты  алынган.  2024-жылдын 30-январь күнү Токтогул ЖДПБда “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын” алкагында компьютердик томогорафия аппараты ачылып,  күнүнө 20 адамга чейин кабыл алып район элине кызмат көрсөтүүдө.

Билим берүү тармагы. Райондун аймагында 42 мектеп, анын ичинен 39 орто, 3 башталгыч билим берүү мектеп бар. Булардын ичинен 1 мектеп- гимназиясы, 1 мектеп-лицей бар. Мектептерде 21 060 окуучу окуп, 878 класс комплектисин түзөт. Билим берүү мекемелеринде 1634 педагогикалык кызматкер эмгектенишет, мугалимдер толук камсыздалган.

Имараттардын тиби боюнча 26 мектеп типтүү долбоор менен курулган, 2 мектеп реконструкцияланган, 14 мектеп ыңгайлаштырылып курулган имараттарда жайгашкан. КР ӨКМнин аныктамасынын негизинде 6 мектеп жараксыз абалда. Аларга: Канаша, Мамыров, Тешебаев, Термечиков, Курама у.Турусбек, Назакеева атындагы орто мектептери кирет. Учурда 5 мектеп           (А.Ибраимов, А.Мамыров, Канаша, Тешебаев, Термечиков) курулуп жатат.

  • № 8 А.Иманбаев (60,0 млн.с) жана № 29 М.Нургазиев (76,4 млн.с) а.о.мектептеринин окуу копустары республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүүдө.

Учурда мектеп имаратынын окуу корпустары бүтүп, ашкана, актовый зал, спорт зал, китепканаларында иштер жүрүүдө.

  • Чолпон-Ата а. №15 Данканай а.о.мектебине АРИС тарабынан кошумча ашкана корпус курулуп жатат. Учурда электромонтаж иштери жүрүүдө. (см.баасы – 6,1 млн сом)
  • А. Суеркулов а/ө Кара-Жыгач айылындагы №20 Жүндүбаев атындагы мектептин жылытуу системасы, айнек-каалгалары алмаштырылды. (АРИС 8,9млн сом). Мындан сырткары 29 видеокамера 326 миң сом, интерактивдүү панель 170 миң сомго коюлду.
  • Кетмен-Дөбө а/а №12 Турусбек а.о. мектебине АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун нег. 4,8 млн сомго 10 даана интерактивдүү доска, 42 даана стол, 42 даана стул, 2 даана ноутбук, 2 даана МФУ, 2 даана түстүү принтер, 2 даана проектор, 2 даана музыкалык үн күчөткүч, 2 даана микрофон, Санузел жана жуунуучу жайлардын орнотуу иштери жүрүүдө.
  • Бел-Алды а. Жамгырканов ат. мектепке АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун негизинде 750,0 миң сомго 2 ноутбук, 2 интерактивдүү доска, 2 түстүү принтер, 2 проектор, 2 принтер сатылып алынды. КР Билим жана илим министрлиги тарабынан 5 компьютер (баасы 207,5 миң сом) берилди. Гуд Нейброс уюму тарабынан  мектептин ашканасына 100,0 миң сомго таза суу үчүн фильтр коюлду. Имараттын фундаменти курулуп бүттү.  АРИСтин долбоору аркылуу мектепке китепкана курулуп жатат. Учурда ички шыбак иштери жүрүүдө.(жалпы суммасы 6,9 млн сом)
  • Э.Иманалиев а/а Ак-Жар айылындагы С.Чекиров мектебине ашкана жана китепкана курууга АРИСтен 9,5 млн сом , жерг.бюдж. 1,5 млн сом каралган. Учурда актап, сырдоо иштери жүрүүдө.
  • Камыш-Башы а. №35 Ж.Чаргынов атындагы мектебинин ашканасына эмеректер, жабдуулар, жана идиш аяктар алынды  рай.өнүктүрүү фонд- 468,1мин сом, жерг.бюджет  97,0 миң сом, жамааттык салым -40,0 миң сом  бөлүнгөн. Жалпы 605,1 мин сомду түзөт.  3 шкаф, 68 стул, 17стол, 2 суу толтуруучу бачогу (500-1500 литр), 2 телешка, жалюзи, идиш аяктар ж.б. алынды.

Жалпы окуу куралдар менен камсыз болуу  кыргыз класстар үчүн 89% орус тилдүү класстар учун 83%ды, окуу усулдук адабияттар 36% түзөт,  негизинен география, физика, тарых, орус тил, англис тил   жана башталгыч класстын китептери жана 3 мугалим (орус тили, физика) жетишпейт.

Мектептердин окуу жана административдик иш процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү “электрондук күндөлүк”, “электрондук журнал” системасына “Акылдуу китеп” долбооруна 42 мектеп кирди. Райондун аймагында мектептердин компьютер менен камсыз болуусу 73,7%ды түзөт же болбосо мектептерде 1003 даана компьютер коюлган.                  42 мектеп интернет  байланышы менен камсыздалган. Интернет ылдамдыгы 10 Мб/сек кем эмес,  пайдалангандыгы үчүн абоненттик төлөм республикалык бюджеттен камсыздалат.

Райондогу 42 мектептен 13 мектеп 22 даана интерактивдүү доска менен камсыз болушкан. Мектептин ички жана сырткы айланасын көзөмөлдөөгө 23 мектепте 245 даана видео көзөмөл орнотулган.

2024-2025-окуу жылында 1-сентябрда электрондук кезек менен                        0 кл-1542, 1кл-2073 бала кабыл алынды.

Райондун аймагында ысык тамак уюштурулган мектептер – 31 (8298 окуучу), анын ичинен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасында – 13 (3779 окуучу), Мерсико – 15 (2610 окуучу), өз алдынча ысык тамак берген мектептер – 3 (535 окуучу). Республикалык бюджеттен бир окуучуга                         14 сомдон каралат. Мындан сырткары 5 мектеп Данканай, Чекиров, Эгембердиев, Казатов, Шабданов мектептери ноябрь айында Мерсико уюму аркылуу ысык тамака киргизилет. Азыркы учурда №15 Данканай (Кетмен-Дөбө а/ө), №37 С. Чекиров  (Э. Иманалиев а/ө) мектептеринде АРИС тарабынан кошумча ашкана корпустары курулуп жатат.

Олимпиаданын райондук этабына 10 предмет боюнча жалпы 768 окуучу катышты. Предметтик олимпиаданын областтык этабына 32 окуучу жолдомо алышты.

Предметтик олимпиаданын областтык этабында 6 окуучу байгелүү орундарды алып келишти. Атап айтканда физика предметинен                               №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу Жеңишбеков Калмурат 1-орунду, Биология предметинен №1 С.Токтогул атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабекова Жайнагүл 2-орунду, биология предметинен №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу Исаков Майрамбек 3-орунду, англис тили предметинен (тереңдетилген) №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу Эшалиева Эмилия, математика предметинен                      №1 С.Токтогул атындагы орто мектебинин окуучусу Бабанова Мээрим                    3-орунду, география предметинен №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Бакыев Курманбек 3-орунду ээлешти. Олимпиаданын республикалык этабына №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу Жеңишбеков Калмурат, №1 С.Токтогул атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабекова Жайнагүл жолдомо алышкан.

2024-жылдын 26-27-март күндөрү Бишкек шаарында олимпиаданын республикалык туру өткөрүлүп, Жеңишбеков Калмурат жана Найзабекова Жайнагүл олимпиаданын ийгиликтүү катышуучулары болду. Женишбеков Калмурат олимпиададан эң мыкты ондукка киргендиги үчүн “Улуттук олимпиадага” катышуу сунушун алды.

КР Президентинин “Акылман” лицейине 6-класстын  45 окуучусу сынакка катышып,  сынактан 2-турга 24 окуучу ийгиликтүү тапшырышты, 3-тур Жалал-Абад шаарындагы №13 мектепке офлайн тест тапшырып келишти.

2024-2025-окуу жылында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы 333 окуучу бар, мектепте 288 окуйт, 45 окуучу ден-соолугуна байланыштуу үйдө билим алышат.

Орто жалпы билим берүү программаларынын “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде артыкчылык аттестатка көрсөтүлгөн окуучулар арасында 2024-жылдын 14-майында                   №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Тестке жалпы 12 мектептен 29 окуучу катышты. Тестирлөө  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билимди баалоо борбору тарабынан 4 предметтен жүргүзүлдү. Тестирлөөгө катышкан окуучулардын 12си химиядан “4” 5 окуучу математикадан “4” 7 окуучу Кыргызстан тарыхынан “4” алышты. Калган 8 окуучу 2-3 предметтен “3” алып, жыйынтыгында 29 окуучу тең  артыкчылык  аттестатка ээ боло алышкан жок.

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен бүтүрүүчү класстар үчүн «Жалпы республикалык тестирлөө» өткөрүлүп, район боюнча 1062 бүтүрүүчүдөн 764 окуучу (71,9%) катышты.

Жогорку 200 баллдан жогору 5 окуучу, босого баллдан жогору 515 окуучу ээ болушкан. 249 бүтүрүүчү босого баллга жеткен эмес. Райондо орточо балл 124,3 (2023-122,2) түзгөн.

Окуу-тарбия багытында аткарылган иштер боюнча:

2023-2024 окуу жылында КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Сапат билим берүү мекемеси тарабынан өткөрүлүүчү АКМО 6-класстардын математикалык олимпиадасынын райондук туру 2024-жылдын                                 26-февралында аралыктан өткөрүлүп 83 окуучу биринчи турдан областтык турга жолдомо алышкан. Андан тандоо жолу менен 29 окуучу областтык турга барып Токтогул мектебинин 6-классынын окуучулары Таабалдиев Умар            3-орунду жана Кадырбаев Хамза 4-орунду ээлешип республикалык турга жолдомо алышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-майындагы №2282/1 буйругунун негизинде, “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” программасынын алкагында райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 30 тарбиячысы өз билимдерин өркүндөтүштү. Окутуу онлайн форматта өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Дүйнөлүк банктын 2024-жылдын 4-мартындагы биргелешкен №01/27 сандуу  буйругунун негизинде 23-марттан 27-мартка чейин райондогу мектептердин башталгыч класстын 25 мугалимине онлайн форматта 5 күндүк окуу курсу болду. Окуу курсу  “Коррекциялык окуу” деп аталып уландысы май айынын аягында оффлайн форматта 4 күнгө улантылып окутулду. 2023-2024-окуу жылында 55 мугалим билимин өркүндөтүү курстарынан өтүп, сертификаттарга ээ болушту. 1200 мектептин ичине 25 мектеп “Керемет окуу”, “Санарип сабаттуулук” боюнча билим алышкан. Бул долбоорго кирбей калган 20 мектептеги мугалимдердин сунуштарын эске алуу менен КР Билим берүү министрлигине кат жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын                     22-февралындагы № 703 токтому менен бекитилген «Жылдын мыкты мугалими», мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун жобосунун негизинде, мектептик жана райондук этабы өткөрүлдү. Конкурстун райондук этабына 26 мугалим жана 6 тарбиячы катышып, жыйынтыгында баш байгеге №32 Бекназар атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Турус кызы Жазгүл, №28 Т.Ормонбеков атындагы лицей-мектебинин мугалими Карымшак кызы Айбарчын «Жылдын мыкты тарых мугалими», №34 Салаев атындагы орто мектебинин мугалими Абакир кызы Бактыгул «Жылдын мыкты физика мугалими» №6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин мугалими Мамытова Гүлзат «Жылдын мыкты англис тили мугалими», №22 Арча-Бешик мектепке чейинки билим берүү уюмунан Касымбекова Гулмайрам «Жылдын мыкты тарбиячысы» наамына ээ болушту. Конкурстун областтык этабында №32 Бекназар атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Турус к. Жазгүл баш байгеге ээ болуп, конкурстун республикалык этабына катышууга жолдомо алды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин           2024-жылдын 6-февралындагы №179/1 чыгыш сандуу катынын негизинде райондогу бардык билим берүү уюмдарында “Англис тили жумалыгы жарыяланды”. Бул жумалыктын алкагында англис тилин окуткан бардык мектептерде конкурстар, ачык сабактар, көргөзмөлөр, жолугушуулар, конференциялар уюштурулду.

2024-жылдын 16-февралында райондун аймагындагы жалпы 39 мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынан “PISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө” даярдануу максатында физика, химия, биология, математика, табият таануу, кыргыз тили предметтеринен түзүлгөн комплекстүү тесттин жардамы менен онлайн форматта мониторинг жүргүзүлдү. Тестке жалпы 4752 окуучу катталып, катышуу көрсөткүчү 99,9 %ды түздү. Тапшырмалар “PISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө” багытталган суроолордон тест түрүндө түзүлгөн. Окуучулардын өздөштүрүүсү ноябрь айында алынган тестке салыштырмалуу 2,3%га жогорулаганы байкалды. Тестти өткөрүүдө бардык жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуу бөлүм башчылары, “PISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө” жооптуу болуп дайындалган мугалимдер жоопкерчилик менен иш-алып барышууда. Эскерте кетсек, районубузда “PISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө” даярдык көрүү үчүн онлайн мониторинг “Online Test Pad” программасынын жардамында телефон жана компьютер аркылуу 2022-жылдын сентябрь айынан бери жүргүзүлүүдө.

2024-жылдын 21-февралында мектептердин 9-11-класстарынын окуучуларын ЖМАга даярдоо максатында КР ББжИМ алдындагы “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору” тарабынан тестирлөө жүргүзүлдү. Тестирлөөгө жалпы 412 окуучу катышып, 27-февралда ташырган тесттеринин жыйынтыктарын алышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 30.01.2024-жылдагы №148/1 буйругундагы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Жарлыгы менен бекитилген КР Мамлекеттик жарандык кызматчылардын аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык талап кылынган документтерди 2024-жылдын15-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү.

Кыргыз республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы          №224 «КРнын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы №79 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө» жобонун негизинде, райондун 11 мектебинин директорлук кызматына конкурс жарыялоо боюнча Билим берүү жана илим министрлигине билдирүүлөр берилген. Жалпы билим билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо 11 жалпы билим берүүчү мекемелеринин жетекчилерин конкурстук тандоо системасына киргизилди.

2024-жылдын 25-май күнү бардык жалпы билим берүүчү мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, өкүлдөрү жана райБББнүн бардык кызматкерлери атайын түзүлгөн графикке ылайык катышып келишти. 25-27-май күндөрүнө райондун бардык аймагына мугалимдерден жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен нөөмөтчүлөр уюштурулду. Бул күндөрү райондун аймагында бүтүрүүчүлөр жана окуучулар катышкан бир дагы мыйзам бузуулар катталган жок.

РайБББнүн 25.01.2024-жыл №4/1 буйругунун негизинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузуучулукка жол бербөө, окуучулар арасында зордук зомбулукка каршы күрөшүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында аскерге чейинки даярдыктарын күчөтүү, сергек жашоо образына тартуу максатында “Ата Журтум- асыл Мекеним!” аттуу “Зарница” аскердик жана спорттук оюну боюнча Жобо бекитилип, мектептик, райондук, областтык этаптары өткөрүлүп жыйынтыкталды. Конкурска район боюнча 20 мектеп тартылды. Райондук этабы Токтогул райондук чоң стадиондун базасында уюштурулуп өттү. Конкурстун жыйынтыгы менен облустук этабына №32 Бекназар мектебинин “Бөрү” командасына катышууга жолдомо берилип, областтык турунда 3-орунга ээ болуп келишти.

“Мектеп лигасы” боюнча көрсөткүчтөр:

Мектеп лигасына райондо мектептер аралык спорттун футбол, волейбол, баскетбол оюндары боюнча «Мектеп лигасынын” райондук этабы өткөрүлүп, кыздар командасынан 1-орунду ээлеген №29 М.Нургазиев мектеби жана балдар командасынан 1-орунду ээлеген №32 Бекназар мектебинин балдар командасы волейбол 1-орунду камсыздап, областтык турда №29 М.Нургазиев мектеби 1-орун, №32 Бекназар мектеби 2-орунду камсыздашты.

№29 М.Нургазиев мектебинин волейбол боюнча кыздар командасы Республиканын биринчилигине активдүү катышып келишти.

2024-жылда балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштурууга Чычкан капчыгайында жайгашкан “Өйүш-Булак” эс алуу лагери балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча өз ишин 2024-жылдын              25-июнунан баштап, 1 агым башталды. Эс алуу лагери 4 агым менен иш-чаралар планы алып барат.

“Өйүш-Булак” эс алуу лагерине 1-агымына жалпы 58 бала кабыл алынып, жеке жарандардын балдары 12 бала, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жалпы 46 бала жөнөтүлдү. Анын ичинен тоголок жетим 7, жарым жетим 26, аз камсыз, көп балалуу үй бүлөдөн 12, ЧАЭСтин 1 бала эс алуу лагерине жөнөтүлүп, барып келүү чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалды.

2024-жылдын 6-июнунда 2-агымы башталып, мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлердин балдары, жалпы 66 бала жөнөтүлдү.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жана айылдык балдар китеп каналарынын алдында жаш өспүрүм балдар үчүн эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Токтогул районундагы №9 И.Умаров, №35 Ж.Чаргынов, №37 С.Чекиров, №15 Даңканай, №14 Жоомарт, №41 Тоялиев атындагы орто мектептеринде жана №3 Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектебинде USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен мектептин алдында эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Ар бир мектептен экиден мугалим жана китепканачы бирге даяр сценарий менен бирдикте иш алып барылды. Окуу лагеринде 10 күндүк программа бекитилген. Ар бир күнү 2 сааттан окуу өткөрүлүп, жалпы 7 мектептен 154 окуучу окуу лагеринде эс алуу менен билим алышты.

2024-жылдын 1-июлунда Сары-Камыш айыл аймагындагы Тер-Жайлак жайлоосундагы “Жан-балам” 3 сааттык балдар бакчасына 30 бала кабыл алынып, 20-августта жыйынтыкталды. Андан сырткары райондук билим берүү бөлүмү аркылуу 14 окуучу жана райондук эмгек социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 15 окуучу, жалпы 29 окуучу (аз камсыз болгон жана социалдык каттоодо турган үй бүлөөнүн балдары) Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” лагерине эс алууга барышты. Жол кире чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнүп берилди.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери

Районубузда мамлекеттик 23 (2- жеке менчик) балдар бакчасы бар, анда 2684 бала тарбияланып, жеке бала бакчада 46 бала тарбияланат. Бала бакчаларда 170 тарбиячы эмгектенет. Статистикалык маалымат боюнча жаш курагы 2-6 жашка чейинки балдардын саны 15135 түзөт.  2024-жылдын сентябрь айында 2657 бала электрондук тизме менен кабыл алынган. Бул жалпы балдардын 17,6 %ды түзөт. Башкача айтканда 12405 бала (81,1%) б/бакчага барбайт. Себеби айылдарда б/бакчаларынын имараттарынын жетишсиздиги жана кээ бир имараттар менчиктештирүүгө өтүп кеткендигинде. (Жаны-Жол, Бел-Алды айылында, РайПО, Госрегистр, УОС, БЧУ, Сельстрой жеке менчикке кеткен.)

10 бала бакчада 56 даана видео көзөмөл орнотулган, 5 бала бакчада 7 интерактивдүү доскалар бар.

Токтогул шаарындагы 75 орундуу бала бакчасынын (жерг. бюджеттен 31,5 млн сом) курулуш иштери бүтүп, ишке берилди. Учурда бала бакчада 96 бала электрондук кезек менен кабыл алынып, иштеп жатат.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечекке билим берүү” долбоору аркылуу 3-5-жашка чейинки балдары мектепке чейинки билим берүүнүн камтууну жогорулатуу максатында 2024-жыл ичинде 5 мектептин                          (Н.Бримкулов, И.Умаров, Ж.Чаргынов. Жүндүбаев, С.Нурманбетов а.о.м) алдындагы 5 обьектиде капиталдык ремонт иштери бүтүп, ишке берилди. Сметалык баасы 11,2 млн сом (Дүйнөлүк банк). Долбоор  аркылуу 5 обьектиде эмеректер жана сырткы ойноочу аянтчалар менен камсыз кылынды.

Долбоор аркылуу 10 тарбиячы атайын окуудан өтүшкөн. 1-сентябрдан тартып ишке берилип, 300 бала кабыл алынып, 12 тарбиячы жумуш менен камсыз болду.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды тарбиялоо үчүн бүгүнкү күндө 3 айыл аймагында мектепке чейинки билим берүү уюмдары жок. Аларга Чоң-Арык, Бел-Алды, Толук жана Сары-Камыш айылдары кирет. Чоң-Арык айылына 75 орундуу бала бакчанын курулушу 2025-жылга титулга киргизилет.  Толук жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрү тарабынан бала бакчанын имараттын курууга тиешелүү ПСД даярдалууда.

№39 А.Бердалиев атындагы кесиптик лицейи. Райондук №39 кесиптик лицей жаштарды кыска мөөнөттү кесиптерге билим берүүдө.                2024-жылдын 9 айына 9 топто 221 окуучу билим алып, 57 кызматкер эмгектенет.

         2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн жалпы саны 140 студент. Анын ичинен аттестат алган 112. 3 айлык кыска мөөнөттүү курстарын 37 окуучу бүтүп, кесипке ээ болгондугу боюнча сертификаттары берилди.  Окуу жайдын окуу цехтерине жана айланасына 10 байкоочу видео камералар орнотулган.

2024-2025-окуу жылында 221 окуучу окуп жатат. Катышуу 85%ды, өздөшүүнүн орточо баллы 94%ды түзөт. Жалпы стипендия алуучулардын саны 72 окуучу. Жаны окуу жылына 1-курска 159 окуучу кабыл алынды.

         Жатакана 60 орунга эсептелген, учурда 50 (22-бала, 28-кыз) окуучу жашап жатат. Ар бир окуучуга мамлекет тарабынан тамак-ашка 2024-жылдын 16-февралынан тартып бир окуучуга 60 сомдон каралган. Окуу жылы ичинде студенттер менен бирдикте 28 иш-чара өткөрүлгөн. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында эмгек жамаат тарабынан 580 түп көчөттөр (роза, бирючина, жаңгак жана башка көчөттөр) отургузулган.

Билим берүүдөгү заманбап информациялык  технологиялар инстутуттунун Токтогул кесиптик колледжи  (ИСИТО)

Райондун аймагындагы Токтогул кесиптик колледжи (ИСИТО) 1 кесип боюнча 2024-2025-окуу жылында 100 студент билим алып, 5 педагогикалык кызматкер эмгектенет. Жаны окуу жылында 26 студент кабыл алынган.             2023-2024-окуу жылында 60 студент бүтүп, тиешелүү дипломго ээ болушкан. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 40%  жумуш менен камсыз болуп жана  жогорку окуу жайларга тапшырышты.

Негизинен окуу жайы башталгыч класстын мугалими адистерин даярдап жатат. Окуу өндүрүштүк практикалар райондун аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарынын базасында өткөрүлөт.

Дене тарбия жана спорт бөлүмү, жаштар саясаты. Токтогул районунун аймагында 1 борбордук стадион, 6 күрөш залы, 32 кичи футбол аянтчалары бар. 2024-жыл ичинде 1 к/футбол аянтчасы (Э.Иманалиев а/а) курулуп пайдаланууга берилди. Бардык спорт объектилер шаар мэриясынын жана айыл аймактардын карамагында турат.

Токтогул шаарында Атайын эсеп мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен (сметалык баасы 25,6 млн. сом) спорт комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө спорт комплексинин залынын жана административдик имаратынын фундаменти, темир түтүктөрү, каркастары толугу менен орнотулуп, фермалары бекитилип, чатыры, дубал панелдери монтаждалып бүттү. 2024-жылдын декабрь айында Толук бүтүрүү жана ишке берүү жагы пландалууда.

Андан сырткары Чолпон-Ата айылында спорт комплекси курулуп бүтүү алдында турат. Курулуш иштеринин 95% бүткөрүлгөн. 2024-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Райондук спорт инструктору тарабынан 24 иш-чара (волейбол, футбол, улуттук күрөш, шахмат, ордо) ЖӨБО тарабынан 46 иш-чара өткөрүлгөн. Иш-чара өткөрүүгө 987,6 миң сомдук кызыктыруу сыйлыктар берилген. Анын ичинен 480,0 миң сом жерг.бюджеттен 507,6 миң сом жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу болгон.

Токтогул районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун 8 түрүнөн секциялар иштейт: Волейбол, футбол, оор атлетика, жеңил атлетика, самбо, бокс, күрөш, тогуз коргол.

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде жалпысынын 40 группада 521 бала машыгышат. 20 машыктыруучу мугалим. 12 адис, жогорку билимдүү 2-машыктыруучу, орто атайын билимдүү 3, 1 жогорку билимдүү мугалимдер эмгектенишет.

9 айдын календарлык план боюнча окуу, классификациялык, райондук, облустук жана республикалык жана эл аралык мелдештер өткөрүлдү.  9 ай ичинде спорт мектебинин окуучулары 21 райондук, 28 облустук, 28 республикалык, 32 эл аралык мелдештерге катышты.  Жыйынтыгы менен спорттун оор атлетика, самбо, эркин күрөш, жеңил атлетика, волейбол, бокс, тогуз коргол, футбол боюнча:

Аталышы Алтын Күмүш Коло Жалпы
1 райондук 50 80 71 201
2 облусттук 26 73 92 191
3 республикалык 43 32 29 104
4 Эл аралык 20 27 31 78
  Жалпы 139 212 223 574

 

Жаш өспүрүмдөр  арасында  кылмыштуулукту жана укук бузууларды азайтуу боюнча  ар кандай темадагы 632 (2023-605) лекция окулган жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. 13 (2023- 12) жашы жете элек өспүрүмдөр профилактикалык каттоого коюлуп, 8 (2023- 7) жашы жете элек өспүрүм профилактикалык каттоодон чыгарылган. 01.10.2024-жылга карата 21 (2023-15) жашы жете элек өспүрүм каттоодо турат. 2024-жылдын 9 айында  өспүрүмдөр арасында 29 (2023- 27) кылмыштуулук (уруулук) катталып, анын ичинен 11 (2023- 11)  өспүрүм мектепте окуйт, 3 (2023-4) өспүрүм окубайт. Өспүрүмдөр арасында кылмыштар 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2 кылмышка көбөйгөн. Өзүн-өзү өлтүрүү фактысы 3 (2023-0).

2024-жылдын 9 айында райондук ички иштер бөлүмүнүн каттоосуна үй бүлөлүк зомбулукка кабылган 28 учур катталган жана аларга коргоо ордерлери берилген. Протокол 14 адамга түзүлдү, коомдук иштерге тартылгандар 6, камакка алынгандар 7, эскертүү берилгендер 1, тергөөдөн кыскартылгандар 6, аксакалдар сотуна жөнөтүлгөнү 5, тергөөдөн денеге жеңил зыян келтирүү боюнча сотко кеткени 1, учурда тергөө иштери жүрүп жатат 2.

Маданият тармагы. Райондук маданият бөлүмүндө райондук маданият үйү,  райондук китепкана, балдар китепканасы, 22 айылдык китепкана, балдар музыкалык мектеби, 4 айылдык маданият үйү, 8 айылдык клуб,  борборлоштурулган 4 музей  иштейт.  Жаны-Жол, Өзгөрүш айылдык маданият үйлөрү жана Толук айылдык клубу капиталдык ремонтко муктаж. 2 китепкана  жеке менчик үйдө,  3 китепкана мектептерде, 8 китепкана айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан.

А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн Торкен айылында маданият үйү жана китепкана  (см.б 13,0 млн с.) курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Учурда Кара-Жыгач айылында айылдык клубдун курулушу (см.б 12,9 млн с.) жүрүүдө. Үч-Терек айылдык маданият үйү капиталдык ремонттон (см.б 10,2 млн с.) өткөрүлүп бүттү.

          2024-жылдын 9 айында бекитилген иш чаралардын алкагында райондук маданият үйү жана айылдык маданият үйлөрү тарабынан 209 (6 айда 212) социалдык маданий иштер, семинар-кенешме, эскерүү, жолугушуу кечелери ж.б. иш-чаралар өткөрүлгөн. Район боюнча маданий мекемелерде уюштурулган 44 ийримге 437 адам катышат.

 

Маданият мекемелеринин аталышы

 

Ийримдер

 

Катышуучулар

 

Райондук маданият үйү 8 58
Жаңы-Жол  айылдык маданият үйү 2 34
Торкен  айылдык маданият  үйү 3 43
Үч-Терек айылдык мад. үйү 4 32
Кызыл-Өзгөрүш  ай.мад. үйү 2 38
Кара-Тектир айылдык клубу 2 80
Көтөрмө айылдык  клубу 2 15
Кара-Жыгач айылдык  клубу 3 11
Бел-Алды айылдык клубу 2 20
Саргата  айылдык  клубу 3 12
Кызыл-Уран  айылдык клубу 2 10
Жетиген  айылдык  клубу 2 11
Терек-Суу  айылдык  клубу 2 21
Чолпон-Ата  айылдык  клубу 2 12
Кара-Күнгөй  айылдык клубу 1 9
Толук  айылдык  клубу 2 16
Сары-Камыш  айылдык клубу 2 15
Жалпы 44 437

 

Жалпы район боюнча китепканаларда китеп фонду 191 808 түзөт. Райондо жалпы 24 китепкана, анын ичинен 7 китепкана 23 даана компьютерлер менен камсыз болгон. Райондун аймагында 2 электрондук китепкана санариптик фондко өткөн, санариптик фондго өткөн китептердин саны  1200. Окурмандардын саны 9112 жаранды түзөт.  9 ай  ичинде 683 иш-чаралар өткөрүлдү жана 5362 нуска адабий китептер менен  камсыз болду.

Райондук балдар музыкалык мектебинде 2024-2025-окуу жылында 90 окуучу билим алып жатат. 9 ай ичинде музыкалык мектеп  майрамдык даталарда 26 иш-чара өткөргөн. Мектепти жалпы 18 окуучу бүтүрүп, тиешелүү күбөлүктөргө  ээ болду.

2024-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн “Достук шаңы” чыгармачыл жаштардын X эл аралык кароо-сынагында музыкалык мектептин комузчулар ансамбли 2-орунду ээлеп, 10 000 сом акчалай каражаты менен сыйланышты.

Музейлерге 2371 көрүүчү келген, анын ичинен акысыз көрүүчү 1151.  Музейлер тарабынан 82 иш-чара өткөрүлгөн, 29 510 сом акча каражаты түшкөн.

КР Президентинин 24.02.2022-ж. “Кыргыз Республикасында   үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2022-жыл ичинде Токтогул районунун айылдарында жана башка калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо иштелип чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясында бекитилген.

Ар бир айылда болуп жаткан маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ысырапкерчиликке жол бербөө максатында райондун имамы, айылдын имамдары, айыл аксакалдары тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.   Айыл өкмөттөрү тарабынан жер-жерлерде айылдык вотсап группалары аркылуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

2024-жылдын 12-январында, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында акимдин жетекчилигинде өткөн жыйында, 2024-жылдын 13-февралында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында, 2024-жылдын 29-мартында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин жетекчилигинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук мекеме-ишкана жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын            24-февралындагы №54 Жарлыгынын 2023-жыл ичинде аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, айыл аймактарда аткарылып жаткан жакшы саамалык иштерди калкка жеткирип, жарлыктын аткарылышын күчөтүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Райондук мамлекеттик администрациясынын 05.04.2024-ж. №100 тескемеси чыгып жаңы жумушчу түзүлүп, иш-чаралар планы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга жөнөтүлгөн.

2024-жыл январь айы ичинде Бел-Алды айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылынын тургуну Төкүлова Венера тарабынан чоң атасына аш берүүнүн ордуна Орозбай атындагы көчөсүнө 10 даана жарыктандыруу койдуруп берди. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кырк-Казык айылынын тургуну Джээналиев Советбек үй бүлөөсүнүн атынан уй союп, аз камсыз болгон жана багар көрөрү жок, майып адамдарга таркатып берди. А.Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен, Кара-Жыгач айылдарынын 1986-жылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан ата-энесинен ажыраган, өтө жакыр үй бүлөлөргө маараке өткөрүүнүн ордуна өз каражаттарынын эсебинен 3  үй бүлөөгө жеке турак жай куруп, пайдаланууга берилди.

А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылынын жашоочусу Кулмурзаев Бердибек бир туугандары менен биргеликте маркум атасы Кулмурзаев Сакбай аксакалдын ашына жумшала турган 200 000 ( эки жүз миң) сом акча каражатын Сары-Сөгөт айылындагы жаңы курула турган мечиттин керектөөсүнө жумшады. Ошондой эле Сары-Сөгөт айылынын тургуну Ажыкулов Айдар атасы Ажыкулов Дорбой аксакалдын ашына жумшалган каражатынын эсебинен 25000 ( жыйырма беш миң) сомго айылдык мечитке титан алып берди. Сары-Сөгөт айылынын тургуну Кубатбеков Турсунбай агабыз бир тууган агасы маркум Шалаңбаев Мидин аксакалдын кырктыгын өткөрүүгө арналган акча каражатынан 25 000  (жыйырма беш миң) сом акча каражатын айылдык мечитке боз үй сатып алуу үчүн жумшады.

Бул иш айыл элине жакшы саамалык болуп, башкаларга үлгү болууда.

2024-жылдын 26-сентябрында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин жетекчилигинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, кабыл алынган жобонун талаптарын сактоо менен үйлөнүү той, салтанаттар маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чаралар, Жобонун талаптарын сактоо менен аткарылышын күчөтүү жагын көзөмөлгө алууну, Жарлыктын аткарылышын ишке ашырууда ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири тынымсыз маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана өткөрүлгөн жыйындар боюнча протокол, фото отчёт маалыматтарды берип туруу жагы тапшырылган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча графиктер түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу, Кара-Суу, Куйбышев, Арал айылдарынын жашоочулары менен жеринде чогулуштар өткөрүлүп, элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле 04.10.2024-ж. Торкен, Бел-Алды айылдарында, 07.10.2024-ж. Комсомол айылында, 08.10.2024-ж. Жаңы-Жол айылында, 12.10.2024-ж. Сары-Камыш айылында, 12.10.2024-ж. Терек-Суу айылдарында түзүлгөн комиссия курамы эл менен жолугуушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жургузулүүдө.

Дин иштери боюнча: Кыргыз Республикасынын Президентинин                        30.09.2021-ж. №412 Жарлыгы менен бекитилген “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  20.02.2022-ж. №19-т  тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 07.02.2022-ж. №18-б буйругун аткарууга алуу менен райондук мамлекеттик администрациясынын 10.03.2022-ж. № 65 буйругу кабыл алынып жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууга алынды.

Райондун  аймагындагы бардык жума намазы окулуучу мечиттеринде  экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары энелердин жана үй-бүлөнүн саламаттыгын сактоо, үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайыма жүргүзүлүп келүүдө.

Райондун аймагында   жалпысынан 34 мечит өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Алардын ичинен 33 мечит КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өткөн, 1 мечит каттоодон өтө элек.  Ничке-Сай айыл өкмөтүндөгү “Мубарак” мечитинин документтери жеке менчик жерге салынып калгандыгына байланыштуу керектүү иш кагаздары даярдалып, учурда жердин госактысы, АПУ, ИТУлары бар, техпаспортун бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү мекемеге тапшырылып, документтерин толуктоо иштери жүрүүдө. Азыркы убакта проектиси эски болгондуктан  жаңылап чийдирүү иштери аягына чыгып калды. Архитектура тарабынан АТЗсын даярдоо иштери  жүрүүдө. Документтери аягына чыкса, каттоодон өткөрүлүп, айыл өкмөттүн балансына  өткөрүлүп берилет.

Жалпы имамдардын саны 34, имамдары жок мечиттердин саны такталууда.

         Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 9           айында РИИБнүн маалыматтык электрондук журналына жалпы 1258  материал катталган, 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 304 материалга көп катталган. Анын ичинен кылмыштар бирдиктүү реестрине 253 материал катталган, Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган эмес. Жалпы өндүрүштө 253  (2023-жылдын 9 айында 20 көп), ачылганы 193 анын ичинен соттун кароосуна 158 жөнөтүлгөн, 35 иш реабилитациялык негизде эмес кыскартылган, ачылуу пайызы 88,5% түзөт.

Криминалдык милиция кызматынын багыты боюнча жалпы өндүрүштө 123 (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 13 кылмышка аз) кылмыш иши катталып, 113 кылмыштын бети ачылган, анын ичинен 106 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлүп, 23 кылмыш иши кыскартылган, кылмыштын бетин ачуу 87,6% түзгөн. 12 кылмыш иши токтотулган, өндүрүштө 4 кылмыш иши  (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2 кылмыш ишине аз) калган.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар фактысы боюнча өндүрүштө 12 кылмыш иши катталган (2023-жылдын 9 айында 1 фактыга аз катталган), отчеттук мезгилде 12 иш козголуп, анын ичинен 11 кылмыш ишинин бети ачылып, 11 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн, ачылуу пайызы 91,7 %ды түзгөн.

Тоноочулук фактысы боюнча жалпы өндүрүштө 5 кылмыш иши болуп (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 1 фактыга аз), ачылуу пайызы 100% түздү.

Алдамчылык фактысы боюнча жалпы өндүрүштө 15 кылымыш иши болуп (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 6 фактыга көп), ачылуу пайызы 80,0%ды түзгөн.

Уурулук фактысы боюнча 80 кылмыш иши катталып (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 18 фактыга аз), кылмыштын бетин ачуу пайызы 90%ды түзгөн.

Мал уурулук фактысы боюнча жалпы 35 кылымыш иши катталып (2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 3 фактыга көп), ачылуу пайызы 74,2% түзгөн.

 

Багыттар боюнча 2023-ж

9 ай

2024-ж.

9 ай

Айырма Ачылган пайызы Өндүрүштө калганы

 

Кылмыш иликтөө багыты 142 129 -13 87,6% 4
Оор жана өзгөчө кылмыштар 13 12 -1 91,7% 1
Өзгөчө оор кылмыш иши 5 7 +2 100,0%
Адам өлтүрүү 4 2 -2 100,0%
Атайылап денеге оор залал келтирүү 4 3 -1 100,0%
Зордуктоо 2 1 -1 100,0%
Тоноочулук фактысы 6 5 -1 100%
Опузалап талап кылуу 2 0 -2
Алдамчылык 9 15 +6 80,0% 1
Автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу
Уурулук 98 80 -18 90,0% 2
Батирдеги уурулук 5 6 +1 100,0%
Мал уурулук 32 35 +3 74,2%
Белгисиз жагдайда жасалган кылмыштар 116 125 +9 87,9% 4
Кылмышкерлердин издөө 20 18 -2 61,1%
Дайынсыз жоголгондор 16 8 -8 62,5%

 

         Жол коопсуздугу

Райондун аймагында жалпы 9 ай ичинде 67 жол транспорт кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон (2023-жылдын 9 айында каза болгону 29). Ошондой эле өткөн жылга салыштырмалуу денелеринен ар кандай жаракаттарды 35 адамга аз алышкан. 2024-жылдын 9 айында ЖККК кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштери боюнча айта кетсек, жол эрежесин бузган жарандарга бардыгы болуп 9500 протокол түзүлгөн, анын ичинен 109 айдоочу мас абалда автоунаа башкарып жүргөн жеринен кармалып айып короого киргизилген.

 

ЖТК 2023-ж

9 ай

2024-ж

9 ай

+/-
Катталган жол-транспорт кырсыктары 67 67
Анын ичинен: каза болгону 29 16 -13
Жаракат алгандары 128 93 -35
Жаш өспүрүмдөр арасында 16 8 -8
Анын ичинен: каза болгону 7 1 -6
Жаракат алган жан өспүрүмдөр 17 9 -8

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан 2024-жылдын отчеттук мезгилинде калкты жана аймакты коргоо максатында:

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 222-чакырымынан 255-чакырымына чейинки кар көчкү түшүүчү коркунучу бар участокторду атайын артиллериялык жол менен 2 жолу кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү үчүн аттыруу иш-чаралары жүргүзүлүп 596 миң 530 куб метр кар көчкү түшүрүлүп, координациялоо жана алдын алуу иштери аткарылган.

Өрттүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштеринин алкагында 93 жолу лекция 4825 адамга, 162 жолу 768 адамга инструктаж өткөрүлгөн. 1600 турак жайдын 3017 тургунуна түшүндүрүү иштери жүргөн. Отчеттук мезгилде район боюнча 24 өрт кырсыгы катталып, 5 млн 461 миң 969 сомдук материалдык чыгым болгон, 4 млн 650 миң сомдук материалдык буюмдар сакталган. 2024-жылдын 9 ай ичинде 1 техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал, 1 кар көчкү, 7 сел кырсыктары катталган.

Мындан сырткары Токтогул районунун Жарандык коргонуусун даярдоо боюнча түзүлгөн иш-мерчеминде 2024-жылы жалпы 10 иш-чаралар өткөрүлгөн, анын ичинен 2 жолу райондук комиссиянын отуруму, 2 жолу штабдык машыгуу, 3 жолу ЖКнуу кызматтарынын абалын баалоо жана 3 жолу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргонуу абалын баалоо жүргүзүлдү.

 

         Камсыздандыруу: Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча 16031 турак жайдан 5615 план берилип, 3535 турак жай камсыздандырылган же 22 % аткарылып, жыл аягына чейин 35%га чыгуу тапшырмасы коюлган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча:

  • Кетмен-Дөбө айыл аймагына – план 983, аткарылышы 708 (2024-жылдын 3-кв. карата 28% аткарылган);
  • А.Суеркулов айыл аймагы – план 928, аткарылышы 756 (2024-жылдын 2-кв. карата 34,8% аткарылган);
  • Толук айыл аймагы – план 277, аткарылышы 150 (2024-жылдын 2-кв. карата 22,2% аткарылган),
  • Сары-Камыш айыл аймагы – план 31, аткарылышы 16 (2024-жылдын                2-кв. карата 6 % аткарылган),
  • Үч-Терек айыл аймагы – план 649, аткарылышы 358 (2024-жылдын 2-кв. карата 20% аткарылган),
  • Э.Иманалиев айыл аймагы – план 902, аткарылышы 379 (2024-жылдын 2-кв. карата 18% аткарылган),
  • Токтогул шаары – план 1845, аткарылышы 1168 (2024-жылдын 2-кв. карата 17,8% аткарылган).

 

         Райондук аскер комиссариаты:  2024-жылы жазгы анык аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча уландарды медициналык кароодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин коюлган планы боюнча аскердик бөлүктөргө жөнөтүү иш-чаралары аткарылууда. 2024-жылга мөөнөттүү күзгү анык аскердик кызматка чакыруу иштери боюнча башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалар толугу менен жүргүзүлүүдө.

25 жаштан 55 жашка чейинки эркек жарандар боюнча 2024-жылга карата берилген пландын жалпы суммасы 1 500 000 сомду түзүп, 9 айда 1 452 000 сом акча каражы төгүлүп, 3-кварталда коюлган план толугу менен аткарылган.          Альтернативдик кызматка чакырылган кызматкерлердин 2024-жылга карата коюлган план 10 966 851 сомду түзөт, 6 айда 10 450 000 сом акча каражаты чогулуп, план тапшырма аткарылууда.

Бир айлык мобилизациялык жыйынга коюлган план 40 жаран жана бүгүнкү күндө 50 жаран тандалып, кызматтарын өтөп келишти. Бир айлык мобилизациялык жыйынга чакырылуу үчүн мамлекеттик бюджетке 1 950 000 сом төгүлдү.

2024-жылдын 9 айында райондук пробация кызматына 60 кардар каттоого алынып, 74 кардар каттоодон чыгарылган. Сот тарабынан 13 адамга пробациялык баяндама жасоо үчүн токтом келип түшүп, 13 адамга пробациялык баяндама даярдалып сотко жөнөтүлгөн, аткарууда жок.

Райондук пробация бөлүмү тарабынан каттоодо турган 7 кардарга паспорт алууга, 3 кардарга айдоочулук күбөлүк алууга жана 43 кардарга юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө жалпы 121 кардар каттоодо турат. Анын ичинен 117 эркек, 4 аял, 3 жашы жете элек өспүрүмдөр. Экстремизм, терроризм менен соттолгон атуулдар жок.

 

         Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №52 түзөтүү мекемеси тарабынан 9 айда мекеменин айланасын ар шейшемби күндөрү тазалоо иштери жүрүп турат. Жашылдандыруу максатында гүлдөрүн көчөттөрү отургузулган.  Өндүрүрш иштерин баштоого даярдык көрүлүп 2024-жылдын 9 айында 2524 даана пескоблок чыгарылган. Бал аары тармагында жаңы 30 даана бал челек аарылары сатылып алынган. Жумуш менен камсыздоодо мекемеде 34 соттолгон жаза мөөнөтүн өтөп жатат алардын 27 соттолгон жумуш менен камсыз болгон.

 

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында эл менен жолугушуулар өткөрүлгөн иш планынын аткарылышы жөнүндө.         Элдик жыйындар 2024-жылдын 13-мартынан 22-апрелине чейин  райондогу Токтогул шаарында жана айыл өкмөттөрүндө өткөрүлүп,  жалпысынан  1083 адам катышкан. Элдик жыйындарда жарандар тарабынан ар кандай сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, айтылган суроо-талаптардын негизинде 2024-жылга карата 46 пункттан турган иш-планы бекитилген, жалпы 46 пунктан турган иш-чаралар планыны 2024-жылдын 9 айында 21 пункту (46%) аткарылып, 26 пункту (54%) финансы каражаттарын, документ иштеринин, аткаруу мөөнөтү, курулуш иштери бүткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу аткарылбай калган.

Жолугушуу өткөрүлгөн калктуу конуштун аталышы (айыл өкмөтү, аймактык башкармалыгы, айылы, көчөсү ж.б.) Жолугушууга катышкан жергиликтүү жарандардын саны Жергиликтүү жарандардан канча суроо талап көтөрүлдү? (саны) Жергиликтүү жарандар тарабынан коюлган суроо талап, маселелердин канчасы аткарылды (саны) жана канча пайызга (%) аткарылды? Жергиликтүү жарандар тарабынан коюлган суроо талап, маселелердин канчасы аткарылбай калды (саны) жана канча пайызга (%) аткарылбай калган?
1.        Токтогул шаардык мэриясы

(Токтогул РМАнын чоӊ жыйындар залы)

242 7 3

(43%)

4

(57%)

2.        Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү

(Терек-Суу айылы Турусбеков атындагы мектеби)

137 5 2

(40%)

3

(60%)

3.        А.Суеркулов айыл өкмөтү

(Торкен айылы, №19 Т.Ашыралиев атындагы мектеп)

162 11 7

(65%)

4

(35%)

4.        Толук айыл өкмөтү

(Толук айылы №25 М. Бекболотов атындагы мектеп)

120 4 2

(50%)

2

(50%)

5.        Сары-Камыш айыл өкмөтү (Тер-Жайлак жайлоосу) 65 6 0

(0%)

6

(100%)

6.        Үч-Терек айыл өкмөтү

(Саргата айылы №30                        К. Токторалиев атындагы мектеп)

147 9 4

(45%)

6

(55%)

7.        Э.Иманалиев айыл өкмөтү

(Кызыл-Өзгөрүш айылы, №31 К.Чодошов атындагы мектеп)

210 4 3

(75%)

1

(25%)

  1083 46 21

(46%)

26

(54%)

  Район боюнча жолугушуулардын жалпы саны 7      

 

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында аткаруучулук тартипти бекемдөөдө жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөнүн абалы жөнүндө

 

2024-жылдын 3-кварталына карата Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына район жашоочуларынан 671 кайрылуу келип түшкөн. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 334 жаран Коомдук кабылдама аркылуу жеке кабыл алууда болгон. Жалпы 671 арыз-кат өз мөөнөтүндө аткарылган. Арыздагы маселенин чечилиши боюнча 396 кайрылуу-арыздын маселеси чечилген,  275 арыз каттын ээлерине жооптору түшүндүрмө аркылуу берилген.  Администрацияга келип түшкөн 671 арыз каттын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан 62, КРМКабинетинен 10, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 5,  КРПЖАОЫУ өкүлчүлүгүнөн 27 арыз-даттануу катталган. Катталган кайрылуулар өз мөөнөтүндө аткарылып, кайрылуу ээлерине жооптору берилген.

2024-жылдын 9 айына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин 29 Жарлыгы, 15 Мыйзамы, 33 тескемеси, 95 тапшырмасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 13 тапшырмасы, Кыргыз Республикасынын    Министрлер Кабинетинин 100  токтом-тескемеси, 27 протоколдук тапшырмасы, КРПЖАОЫУӨ Аппаратынын 66 буйрук- тескемеси, телефонограммасы  “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу каттоого алынып, тиешелүүлүгүнө жараша иш-чаралар пландары түзүлүп, Жарлык, токтом, буйрук – тескеме  ж.б. тапшырмалар өз убагында регламентке ылайык иштелип чыгып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тийиштүү токтом, буйруктары чыгарылган. Кабыл алынган токтом, буйруктар райондун ЖӨАБ органдарына жана тиешелүү мекеме уюмдарына жеткирилген. Алардын аткарылышы боюнча маалыматтар алынып, топтоо папкалары уюштурулган.

Жалпысынан жогорку органдары, райондук мекеме-уюм, айыл аймактары менен  Токтогул шаарынан  ар кандай мазмундагы 8924 телефонограмма, протокол, өтүнүч, сунуш, билдирүү каттар келип түшкөн жана 4741 сандуу ар кандай мазмундагы каттар чыгарылып, баардык кириш-чыгыш корреспонденциялар өз учурунда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү тутумуна каттоого жана аткарууга алынган.

Раймамадминистрациянын 2024-жылдын  8-май №269 буйругунун негизинде   айыл өкмөт, мекеме – уюмдардын аткаруучулук тартибин бекемдөө жана жарандардын арыз – даттануулар менен иштөөнү күчөтүү максатында “Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары  жана өздөрүнүн кабыл алган чечимдерин аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча “Токтогул шаардык мэриясы, Элмирбек Иманалиев, А.Суеркулов, Кетмен – Дөбө, Үч-Терек, Толук,         Сары-Камыш айыл өкмөтөрүнүн жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндөгү » маселе раймамадминистрациянын коллегиясына сунушталып, 2024-жылдын 3-июлундагы коллегиянын токтому менен № 5-кт токтому чыгарылып  тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

 

Жогоруда (6 айына карата) чыгарылган чечимдерге  карабастан, КРПЖАОЫУ Өкүлүнүн 2024-жылдын 9-октябрь № 93-т тескемесинин негизинде ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлгөн комиссиянын           2024-жылдын 15-октябрындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын 9 айындагы аткаруучулук тартип боюнча  текшерүү учурунда жыйынтыгы төмөнкүдөй абалда болгон.

 

  1. Токтогул шаардык мэриясында 9 айына карата жалпы иш кагаздарынын  мөөнөтү өтүп аткарылганы   –  85;

– жарандардын кайрылуулары -36;

– 6 айына карата -63 (айырма 3 айда кошулганы -22)

– жарандардын кайрылуулары-13  (айырма 3 айда кошулганы -23).

 

  1. А.Суеркулов айыл өкмөтүндө жалпы иш кагаздарынын мөөнөтү өтүп аткарылганы – 94;

– жарандардын кайрылуулары – 5;

– 6 айына карата -23 (айырма 3 айда кошулганы -71);

– жарандардын кайрылуулары-5 (айырма 3 айда кошулганы -0).

 

  1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө жалпы иш кагаздарынын мөөнөтү өтүп аткарылганы – 89;

жарандардын кайрылуулары -15;

– 6 айына карата – 10 ( айырма 3 айда кошулганы 79);

– жарандардын кайрылуулары-3 (айырма 3 айда кошулганы -12).

 

  1. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жалпы иш кагаздарынын мөөнөтү өтүп аткарылганы – 335;

– жарандардын кайрылуулары -24;

– 6 айына карата – 32 ( айырма 3 айда кошулганы 303);

– жарандардын кайрылуулары-7 (айырма 3 айда кошулганы -17).

 

  1. Э.Иманалиев айыл өкмөтүндө жалпы иш кагаздарынын мөөнөтү өтүп аткарылганы –148;

– жарандардын кайрылуулары -41;

– 6 айына карата – 32 ( айырма 3 айда кошулганы 116);

жарандардын кайрылуулары-7 (айырма 3 айда кошулганы -34).

 

  1. Толук айыл өкмөтүндө жалпы мөөнөтү өтүп аткарылган иш кагаздары – 6;

– 6 айына карата – 6; ( айырма 3 айда кошулганы – 2);

– жарандардын кайрылуулары-0  (айырма 3 айда кошулганы -0);

жарандардын кайрылуулары боюнча анализ Инфодокс иш кагаздарын жүгүртүү системасынан көрүнгөн  эмес.

 

  1. Сары-Камыш айыл өкмөтүндө жалпы 26 иш кагазы мөөнөтү өтүп аткарылган,  ( 6 айына карата 20 ) ал эми жарандардын кайрылуулары боюнча анализ Инфодокс иш кагаздарын жүгүртүү системасынан көрүнгөн эмес.

 

 

Leave a Reply