Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктарын жеринен текшерди.
Андан сырткары айылдагы бир катар социалдык объекттердин (спорт комплекс, ФАП, бала бакча) курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрүп, аткарылып жаткан иштерди тездетүү боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевге тапшырды.