Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жана Токтогул РИИБнүн башчысы милициянын полковниги К.Искаков, КР ИИМнин бангизаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ш. Жунусов, профилактикалык алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча бөлүмдүн опер кызматкери милициянын подполковниги Г.Жапакова, опер кызматкери С. Тагаев жана мектеп окуучулардын, студенттердин, мугалимдердин катышуусунда райондун аймагында бангизаттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу жөнүндө жыйын өттү. Мындан сырткары бангиликтин жайылышына жол бербөө максатында Токтогул шаарынын борбордук аянтында жөө жүрүш өткөрүлдү.




