“Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоору талкууланды

“Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоору талкууланды
Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында айыл аймактар үчүн гранттык конкурс боюнча жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов, долбоордун эксперти, тиешелүү мекеме жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору катышты.

Leave a Reply