Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага райондогу ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты.
Майрамдык иш-чара борбордук аянтта уланып, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Т. Асанов иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик туу күнү жана ак калпак күнү менен куттуктап, биздин милдет – туубуздун кадыр-баркын бийик сактап, аны кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү, ошондой эле ак калпагыбыз – кыргыз элинин ыйык мурасы, ал намыстын, тазалыктын жана улуттук сыймыктын белгиси экенин белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында райондук маданият бөлүмүнүн патриоттук мазмундагы концерттик программасы тартууланды.
