Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштеринин жүрүшүн, ошондой эле Чоң-Арык айылында салынып жаткан 120 орундуу бала бакчанын абалын жеринен көрдү. Мындан тышкары, Токтогул–Беш-Таш–Токтогул автоунаа жолун асфальттоо иштерине даярдык көрүү маселелери каралды.
Район башчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Б.Багымбаевге жана тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Чоң-Арык айылындагы таза суу кампаларынын абалы менен таанышып, учурда таза суу системасы боюнча долбоордук-сметалык документация (ГЗ) даярдалып жатканын белгиледи.















