Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 18-мартында Үч-Терек айыл аймагынын тургундары Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүндө жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарылган иш-аракеттер боюнча видеоролик көрсөтүлүп, 2026-жылга карата коюлган пландар боюнча маалымат берилди.
Элдик жыйын суроо-жооп түрүндө уланып, жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, жол, мектепти оңдоо, эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу, насостук станция, ирригация, сугат суу жана башка маселелер боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Омурканов жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү жооптор берилди.
Элдик жыйын боюнча протокол жазылып, иш-чаралар планы иштелип чыгып, аткаруу алынат.
