Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн түнкүсүн көчөлөрдө максатсыз жүрүшүнүн алдын алуу жана алардын ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга кабылып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат. Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү жана коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулду.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө түнкү убакта көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп айып пулдар салынды.
Мындан сырткары ата-энелерге балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү, алардын кайда жана кимдер менен жүргөнүнө көңүл буруу жана балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча эскертүүлөр берилди.
