Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э. Апит уулу майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, жалпы элге тынчтык, биримдик, береке жана өнүгүү каалады.
Иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган улуттук буюмдардын, тамак-аштардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, келген конокторго улуттук маданияттын байлыгы кеңири тааныштырылды. Ошондой эле улуттук каада-салттардан тушоо кесүү жөрөлгөсү көрсөтүлүп, жаш муундарга тарбиялык мааниси түшүндүрүлдү.
Салтанат майрамдык концерттик программа менен коштолуп, анда жергиликтүү таланттар, маданият кызматкерлери тарабынан ыр-бийлер тартууланды. Мындан сырткары, спорттук мелдештер, улуттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар райондун бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да кеңири белгиленип, өткөрүлдү.







