Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондун прокурору Б.И. Абыкеев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Н. Аттокуров, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 19-февралында А.Суеркулов айыл аймагынын тургундары менен Торкен жана Сары-Сөгөт айылдарында жолугушуулар өткөрүлдү.
Элдик жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан жайыт, жер, суу каналдары, мектеп, жөлөк пул, электр энергиясы, ошондой эле зордук-зомбулука байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары К.Н. Аттокуров, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Э. Жаманкулов жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү жооптор берилди.




