Үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы жана өспүрүмдөргө карата кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүндө тегерек стол өттү.
Ага райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, аталган айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана айыл өкмөттөрдүн коомдук уюмдарынын мүчөлөрү, айыл башчылар, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрү катышты.
Тегерек столдо үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу чаралары, бул багыттагы сунуш-пикирлер талкууланып, биргеликте иш алып баруу жолдору каралды.




