Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын аймагында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарбасын каттоого даярдыктын алкагында окуу семинар уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен келген адистердин катышуусунда өттү.
Семинардын негизги максаты — айыл аймактарда айыл чарбасын каттоону сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу болду.
Катышуучулар практикалык мисалдардын негизинде суроолоруна жооп алышып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.



