Ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү

Токтогул шаарынын борбордук аянтында 2025-жылдын 20-апрель күнү төгөрөгү төп келген жорго, көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, акындын чыгармачылык жолундагы үзөңгүлөшү, замандашы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Самыйкожо уулу, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, акын сыйлаган чыгармачыл инсандар жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элмирбек Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, көрөңгөлүү сөздөн кеп салган асыл ой жүгүртүүсү, башкалардан өзгөчө уккулуктуу мукам обону, эл аралык айтыштарда ар дайым курч сөздөрү менен далилденген кыргыз элине болгон сүйүүсү жана сый урматы, кыргыз дегенде алоолонтуп от алган мекенчилдиги менен кылымда бир жаралуучу талант экендиги эскерилип, акындын өзү өлсө да анын чыгармалары дагы кылымдар боюу өлбөй жашай берээри айтылды.

Leave a Reply