Шахмат турнири болуп өттү

Шахмат турнири болуп өттү
2025-жылдын 26-июлунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан №6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинде “Акылдын гимнастикасы” болгон шахмат оюнун биздин райондо өнүктүрүү, популяризациялоо, ошондой Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорунун, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын ортосунда достукту чыңдоо, региондо шахмат оюнун өнүктүрүү максатында регионалдык турнири болуп өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, орун басары К.Аттокуров жана Токтогул райондук Шахмат Федерациясынын Президенти Д.Курбаналиев, эмгек ардагерлери жана райондордон келген шахмат сүйүүчүлөрү катышты.
Жеңүүчүлөргө диплом, медал, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Leave a Reply