Алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн чакан автобустар бөлүнүп берилди

Алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн чакан автобустар бөлүнүп берилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы N712 Тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыгы аркылуу Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылындагы жана Э.Иманалиев айыл аймагынын Чоргочу айылындагы мектептерине чакан автобустар бөлүндү.
Кичи автобустар райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуеванын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун, Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаровдун, айыл тургундарынын жана мектеп окуучуларынын катышуусунда тапшырылды.

Leave a Reply