“Апам жапкан нанды сагындым” аталышта иш-чара болуп өттү

Токтогул райондук аялдар кеңешинин уюштуруусунда А.Суеркулов айыл аймагындагы айылдык аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда 2025-жылдын 26-февраль күнү Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы КР ИИМнин 7-кайтаруу батальонунда “Апам жапкан нанды сагындым” аталышта иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага барган апалар жоокерлердин жашоо-шарты, кызматтары менен таанышышты жана өз колдору менен жасаган нандын түрлөрүн алып барышып, чакан концерттик программа тартуулашты.
Ошондой эле “Апама кат” сынагы жарыяланып, райондук аялдар кеңеши тарабынан жоокерлердин апаларына арнап жазган каттары каралды. Мааниси терең жазылган кат ээлерине райондук аялдар кеңешинин сыйлыктары тапшырылды.

Leave a Reply