АРИСтин ЖККП алкагында бизнес көндүмдөр боюнча 2023-жылдын май айынан тартып жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн сериялуу тренингдер өтүлүп келүүдө. Бул сапар Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Ничке-Сай айылында өттү.
Тренингдин жүрүшүндө бизнесин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкерлер Бейшеканова Диана конок үйү боюнча, Саматова Гулжамал кол онорчулук боюнча, ал эми Белекбеков Сыргак “жумуртка багытындагы тоок багуу” Бахтияров Тимур эт багытындагы тоок багуу боюнча насаатчылык кеп кеңештерди жана ишкердикти жасоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду беришти.
Ошондой эле жашылдандыруу боюнча тажрыйбаны Үч-Терек айыл аймагындагы Дойбулов Нуристин алма багын жеринен көрүп таанышып, суроолоруна алгылыктуу жоопторду ала алышты.
Окутуулар Дүйнөлүк банк каржылаган Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырган “CASA-1000. Жергиликтүү коомчулуктуу колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.