Муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин квалификациясы жогорулады
Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан 2024-жылдын 25-26-июль күндөрү “Муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана сатып алууларын уюштуруунун эрежелери” аталышындагы тренинг уюштурулду.
Жогоруда аталган тема боюнча Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясынын тренерлери Ж.Тукеналиева жана У. Мурадилов муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин теориялык жана практикалык методдор менен окутту.
Тренингке Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери жана Токтогул шаардык мэриясынын, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл аймактарынын муниципалдык ишканаларынын директорлору, кызматкерлери катышты.