Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата райондогу жаштар арасында райондук деңгээлде “Аталар изи” интеллектуалдык сынак болуп өттү.
Сынак үчүн Манас эпосу, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, кыргыз тарыхы, чыгаан инсандар жөнүндө суроолор даярдалган. Иш чарага А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин жана ИСИТОнун Токтогул колледжинин студенттеринен 4 команда катышып, жыйынтыгында ИСИТОнун Токтогул колледжинин студенттери жеңип, 2024-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү сынактын 2-баскычына жолдомо алышты.
Катышуучуларга атайын даярдалган сыйлыктар тапшырылды.