Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан турак жай, электрэнергиясы жана ипподром маселелери жөнүндө кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери:…

Толук окуу…

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых барактары – тарых сабактары” аталышындагы иш чара өткөрүлдү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых барактары – тарых сабактары” аталышындагы иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын алдында «Ардак белгиси» орденинин ээси Махмуд Ботбаевдин мүрзөсүнө гүл коюлуп, куран окулду. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкомунун мүчөсү Махмуд Ботбаев жана 1924-26-жылдары Жалал-Абад округунун аткаруу…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү жана КР Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттар күнүнө жана КР Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган “Алтын Күз-2024” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана айыл чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Иш-чарага райондогу укук корго…

Толук окуу…

“40 район – 40 китеп” адабий конкурсу 2024-жылдын 1-ноябрында башталат

Чыгармачылык ишке дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарттарды түзүү максатында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536-т тескемеси менен бекитилген “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык” жүргүзүлө турганын маалымдайбыз. Конкурстун максаты – аймактарындагы калемгерлердин чыгармачылыгын…

Толук окуу…

“Аталар изи” интеллектуалдык сынак болуп өттү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата райондогу жаштар арасында райондук деңгээлде “Аталар изи” интеллектуалдык сынак болуп өттү. Сынак үчүн Манас эпосу, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, кыргыз тарыхы, чыгаан инсандар жөнүндө суроолор даярдалган. Иш чарага А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин жана ИСИТОнун Токтогул колледжинин студенттеринен 4 команда катышып, жыйынтыгында ИСИТОнун Токтогул…

Толук окуу…

райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү; 2. Кышка даярдыктын жүрүшү; 3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын аткарылышы;…

Толук окуу…

Токтогул шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Орозов Чилдебай менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

2024-жылдын 20-октябрь күнү Токтогул шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу пенсиянын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун катышуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Акылман аксакалдар кеӊешинин төрагасы-мүчөсү Орозов Чилдебай менен коштошуу зыйнаты болуп өттү. Орозов Чилдебай 1931-жылы 12-январда Токтогул районунун Акчий-Кара-Суу айылында туулган. 1948-жылы…

Толук окуу…

20-октябрь – айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо

Урматтуу айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди 20-октябрь – айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Районубуздун калкы жер иштетүү жана мал чарбасы менен алектенет. Айыл чарбасы биздин экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Калкты айыл чарба продукциялары менен толук камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып келген…

Толук окуу…

19-октябрь – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо

Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери! Сиздерди 19-октябрь – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө социалдык коргоо системасында өз кесибин сүйгөн жана колдоого, боорукердикке муктаж болгон жарандардын баарына мээримин төккөн, жүрөгүнүн жылуулугун бөлүшкөн мээрман адамдар эмгектенет. Сиздер адамдардын кубанычын жана кайгы-капасын тең бөлүшүүгө, татаал…

Толук окуу…

“Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү

2024-жылдын 18-октябры Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана салттуу “Мурас” достук турнирине катышууга тандоо этабы катары “Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү. Аталган мелдешке Токтогул районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,…

Толук окуу…