Айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектилерине конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 17-декабрь 2021-жылдагы жана № 494 2022-жыл 9-сентябрдагы токтомдорун КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2022-жылдагы 19-сентябрь № 329 буйругунун негизинде Айыл чарба министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун жерлеринин 50 пайызы, Кетмен-Дөбө, Ничке-Сай, А.Суеркулов, Толук, Сары-Камыш жана Үч-Терек айыл өкмөттөрү…

Толук окуу…

Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында ишембилик уюштурулду Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана райондун жашоочуларды тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын…

Толук окуу…

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү 2025-жылдын 14-март күнү Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарындагы автобекетте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, бал, алма, картошка жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын автобекетинде уюштурулуп турат.

Толук окуу…

15-март – Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара белгиленди

15-март – Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара белгиленди. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, ардактуу аталар жана шаар тургундары катышышты. Иш-чарада маданият кызматкерлери тарабынан аталар жөнүндө сценка көрсөтүлүп, аталардын коомдогу орду, кадыр-баркы, таалим-тарбиясы жөнүндө баяндамалар, чыгармалар тартууланды. Ошондой эле келечек муунга…

Толук окуу…

Үч-Терек айыл аймагында кезектеги элдик жыйын уюштурулду

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Үч-Терек айыл аймагынын тургундары менен Үч-Терек айылындагы маданият үйүндө жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, трансформатор, жайыт боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким…

Толук окуу…

Токтогул районунда чийки сүттүн базалык бааларын аныктоо боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

2025-жылдын 13-март күнү райондук мамлекеттик администрациясында Токтогул районунда чийки сүттүн базалык бааларын аныктоо боюнча жумушчу топтун отуруму өттү. Жумушчу топтун курамына райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук ветеринардык башкармалыгынын, райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү ишканасынын, чийки сүттү чогултуу боюнча субъекттердин өкүлдөрү кирген.…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызмат ордуна Аттокуров Кутубек Нуржанович дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин тескемесине ылайык Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызмат ордуна Аттокуров Кутубек Нуржанович дайындалды. Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондун активине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Аттокуров Кутубек Нуржановичти тааныштырды. Аттокуров Кутубек Нуржанович 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Куйбышев…

Толук окуу…

А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө “Кыйылган өмүр” аттуу спектакль коюлду

2025-жылдын 13-мартында Токтогул райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан ведомстволор аралык биргелешкен өз ара кызматташууда жалпы билим берүүчү мекемелердеги жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун (топтошуп мушташуу, рэкетчилик) жана эрте никеге туруунун, буллинг, кибербуллингдин алдын алуу максатында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драм…

Толук окуу…

А.Суеркулов айыл аймагында кезектеги элдик жыйын уюштурулду

А.Суеркулов айыл аймагында кезектеги элдик жыйын уюштурулду Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А.Суеркулов айыл аймагынын тургундары менен Сары-Сөгөт айылында жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, врачтардын жетишсиздиги боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү…

Толук окуу…

2025-жылдын 14-март күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт

Урматтуу Токтогул районунун тургундары! 2025-жылдын 14-март күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт. Жарманкеге райондун тургундарын жана дыйкан-фермерлерди активдүү катышууга чакырабыз. Сурап билүү байланыш номери 0707787736.

Толук окуу…