Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаевдин энергетиктердин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу энергетиктер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм! Энергетика тармагы эң маанилүү жана татаал тармактардын бири. Энергетиктердин күнүмдүк эмгегинен өнөр жай ишканаларынын жана айыл чарбасынын, социалдык чөйрөнүн объекттеринин иши көз каранды. Сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, иштин жогорку натыйжалуулугуна жетүүгө болгон аракетиңиздер өндүрүштүк маселелердин ийгиликтүү чечилишин шарттайт. Жылдын кайсы…