Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылды.

Толук окуу…

2025-2026-жаңы окуу жылына карата мугалимдердин “Август кенешмеси ” өткөрүлдү

Кеңешмеге Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер жааматы катышты. Башчы-аким А.Тюкебаев агартуу тармагынын кызматкерлерин куттуктап, педагогикалык конференция «Алтын-Казык» –доор өзгөрткөн билим» аталыштагы жалпы ураандын астында билим берүүдөгү милдеттерди ишке ашырууга багытталгандыгы боюнча токтолуп өттү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндө…

Толук окуу…

Ферула өсүмдүгүн өстүрүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, КР Министрлер Кабинетинин 09.09.2024-жылдагы 537-т тескемеси жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Торобаевдин тапшырмасына ылайык, Токтогул районунда ферула өсүмдүгүн өстүрүү жанан жайылтуу боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери, КР Илимдер…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

Жыйындын күн тартибинде: 1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата даярдыктын жүрүшү; 2. Жер мунапысы; 3. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы жана кышка даярдыктын абалы жөнүндө маселелер каралды. Жыйынга шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жер адистери катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча шаар мэри, айыл өкмөт башчыларына протоколдук тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

Райондун аймагында мал жана кой этине белгиленген баанын жогорулашына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-аракети жүргүзүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов, акимдин орун басары рангындагы – агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Н.Молдомусаев, шаар мэри жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул районунун борбордук базарында уй жана кой этин сатуучу соодагерлерге КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары жер, социалдык контракт жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го…

Толук окуу…

Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү

2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы чыгарылды Бүгүн, 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү. Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Э.Иманалиев айыл өкмөтүндөгү А.Ибраимов атындагы орто мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Э.Иманалиев айыл өкмөтүндөгү А.Ибраимов атындагы орто мектептин курулуш иштеринин, Айдарбек атындагы бала бакчанын оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле Үч-Терек – Өзгөрүш автожолун асфальттоо иштеринин жүрүшүн жеринде көрдү. Тиешелүү жетекчилерге курулуш жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү, белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

Толук окуу…

Жалпы билим берүү мекемелеринин учурдагы ремонт иштеринин жүрүшүн, айланасынын тазалыгынын абалын жеринен каралды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу бардык жалпы билим берүү мекемелеринин учурдагы ремонт иштеринин жүрүшүн, айланасынын тазалыгынын абалын жеринен көрдү. Мындан сырткары айыл аймактагы мечиттердин тиешелүү документтерине жана тазалыгына көңүл бурулуп талапка жооп бербегендерине жана документи жокторуна кемчиликтерди жоюу тапшырмасын айыл имамдарына берди.

Толук окуу…

Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча отурум өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук прокуратуранын биргелешкен демилгесинин негизинде үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча отурум өттү. Отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондун прокурорунун жардамчысы Н.Ташманбетов, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилери…

Толук окуу…