Токтогул ЖДПБнын директоруна тиешелүү тапшырмаларды берилди

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров Токтогул райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун гемодиализ имаратынын, жаңы коюлган лифттин, дары сактоочу кампанын абалы менен жеринен таанышып, Токтогул ЖДПБнын директоруна тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Токтогул районунун жерлерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт

Токтогул районунун жерлерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт 2025-жылдын 22-июлунда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондун акими А.Тюкебаевдин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директору М.Салижан уулунун катышуусунда жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө Токтогул районунун…

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту

Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту. 2025-жылдын 19-июль күнү  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри Б.Максутбаев жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда тургундар тарабынан таза суу, жол, тротуар, көчө чырактары, электр мамычалары жөнүндө маселелер…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эс алуу паркы жана коомдук жайлардын айланасы тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэрия эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.

Толук окуу…

Социалдык контракт – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы!

Социалдык контракт – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы! Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун негизинде мамлекет менен социалдык келишим түзгөн 60 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрация…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссия курамы Токтогул шаарындагы көрнөк-жарнактарга кароону уюштурду

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 11-беренеси жана 26-беренесине ылайык Кыргыз Репсубликасында жарнамалар, кулактандыруулар жана башка көрүнөө маалыматтарды кароо максатында раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун жетекчилигинде райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссия курамы Токтогул шаарындагы көрнөк-жарнактарга кароо уюштурулду. Кароонун негизинде 31 жеке ишкерге эскертүү кагаздары…

Толук окуу…

Токтогул шаарынын аймагында жайгашкан борбордук көчөлөрдүн тазалыгын камсыздоо, жашоочуларга жана ишкерлерге айланасын таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул шаарынын аймагында жайгашкан борбордук көчөлөрдүн тазалыгын камсыздоо, жашоочуларга жана ишкерлерге айланасын таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында райондук мамлекеттик администрациянын 2025-жылдын 9-июлундагы №265 буйругуна ылайык мекеме, ишканалардын жетекчилери бир катар көчөлөргө жооптуу болуп бекитилди. Бул иш-чаралардын алкагында жашоочуларга жана ишкерлерге өз айланасын тазалап, ирээтке келтирүү, тосмолорду сырдоо, ишканаларга…

Толук окуу…

Толук айыл аймагындагы социалдык объектилер жеринен каралды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров Толук айыл аймагындагы М.Бекболотов, Канаша атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин, А.Аралбаев атындагы аймактык оорукананын, К.Күлкөбөнов атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун абалын жеринен көрдү. Мындан сырткары, Канаша атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүн жана пайдаланууга берүү алдында турган Ноот айылындагы фельдшердик акушердик…

Толук окуу…

Насостук станцияларда электр энергиясынын чыңалуу көйгөйлөрү чечилип, сугат суу берилди

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекеме жетекчилери менен Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан М1, Чолпон-Ата 1, 2 насостук станцияларынын иштөө абалын жеринен көрдү. Насостук станцияларда электр энергиясына байланыштуу чыңалуу көйгөйлөрү чечилип, сугат суу берилди.

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун Токтогул райондук бөлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэрия, айыл өкмөттөрдүн эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.

Толук окуу…