2026-жылдын 6-март күнү 8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында майрамдык салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага шаардык мэриядан, айыл аймактардан жана мекеме-ишканалардан келген 100 айым катышты.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация тарабынан даярдалган белектер айымдарга тапшырылды.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары К.Н. Аттокуров катышып, өз сөзүндө аялзатынын талыкпас эмгегин, чыдамкайлыгын жана коомдогу ордун жогору баалады. Ал аялдар бала тарбиялоодо гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошуп жатканын белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу эмгектин ардагер аялдары тууралуу даярдалган слайд көрсөтүлүп, катышуучуларга өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.
Майрамдык иш-чара райондук маданият үйүнүн мырза жигиттеринин концерттик программасы менен коштолду.










