Жыйында аялдарга жана өспүрүмдөрга карата кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтар талкууланып, райондун акими А.А.Тюкебаев тарабынан бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына бир катар сын-пикирлер айтылды, ошондой эле тиешелүү органдарга алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынга шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, аймактарда зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттердин төрагалары жана мүчөлөрү, айыл башчылар, аялдар, ардаргерлер, жаштар кеңештеринин төрагалары жана райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты.








