Район акими А.Тюкебаев А.Мамыров жана Н.Бримкулов атындагы мектептерде жүргүзүлүп жаткан капиталдык ремонт иштери менен таанышып, подряддык уюмдарга иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Токтогул районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барып, учурдагы курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ/ОРВИ) өсүшүнө байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды талкуулады. Калкка медициналык жардамды жеткиликтүү кылуу максатында кошумча күндүзгү стационардык бөлүм ачуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
















