Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу, райондук балдар спорт мектебинин катышуучусу Абдрахманова Диана 2024-жылдын 13-майынан 15-майына чейин Казакстан Республикасынын Актау шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында өткөн “Самбо күрөшү” боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, 25 мамлекет катышкан эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болду.
Район башчысы-аким А.А.Тюкебаев 2024-жылдын 17-май күнү жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алып, спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, ийгиликтерди каалады.