27-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылында болду.
Аталган айылдын жашоочулары тарабынан “Секи” участкасынын башкы планы боюнча айтылган көйгөйлөрдү угуп, ал боюнча түшүндүрмө берди, ошондой эле тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчысына тапшырмаларды берди.