Башчы-аким А.Тюкебаевдин Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушуусу

Кечээ 14-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.
Алгач 2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындарда айтылган суроо-талаптардын негизинде кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.
Жыйында жарандар тарабынан айтылган электр энергиясы, таза суу, сугат суу, бала бакча ж.б. маселелер боюнча тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери жооп беришти.
Жыйындарда жарандардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча мекеме, ишканалардын жетекчилерине аким тарабынан бир катар тапшырмалар коюлду.

Leave a Reply