Райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилген графикке ылайык 2025-жылдын 12-13-февралында өсүпүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, эрте никеге туруунун, суициддин, жол-транспорт кырсыктарынын, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында № 20 Т.Жүндүбаев, № 29 М.Нургазиев, № 30 Т.Токторалиев, № 32 Бекназар, № 33 Артыкбаев, № 34 Салаев атындагы орто мектептеринде ата-энелерге жыйындар өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармылагынын кызматкерлери катышып, кылмыштуулуктун, кырсыктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу жөнүндө маселе талкууланып, маалыматтар берилди.




