Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү.
Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү К.А. Мамаев долбоор боюнча маалымат берди.
Коомдук угууга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчылары, айылдык кеӊештин төрагалары, Кара-Жыгач, Үч-Терек айылдарынын айыл башчылары, айыл аймактардын аксакалдар кеӊешинин төрагалары жана Токтогул райондук ӨКБнүн башчысы, Токтогул токой чарбасынын директору, райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, №23 жол тейлөө ишканасынын директору, райондук ОААжМСЭКБ башкы дарыгери, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы, КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикдик Токтогул филиалынын жетекчиси, экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын инспектору катышты.