Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аталышындагы акцияны уюштуруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген

Аталган акциянын алкагында райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлеринин, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымынын, Токтогул шаарынын имамынын жана Токтогул шаарындагы Токтогул, Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздарынын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө жыйын өттү. Жыйындын максаты –…

Толук окуу…

Токтогул районунда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Н. Аттокуров тиешелүү мекемелердин кызматкерлери менен Токтогул шаарындагы кафе-ресторандардын, тойканалардын, дүкөндөрдүн, эс алуу жайлардын ээлерине электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, мектеп, бала бакчалардын, муниципалдык объектилеринде түнкү убактагы электр…

Толук окуу…

Райондо бетон заводунун расмий ачылыш аземи өттү

Бүгүн, Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда жаңы бетон заводунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, “Астория Групп” ЖЧКсынын жетекчиси, бетон заводунун башчысы Заяшников Станислав Юрьевич, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты. Бетон заводу “Астория…

Толук окуу…

«Сыдыкова Канчайым апа» аттуу кыска мөөнөттүү бала-бакча расмий түрдө пайдаланууга берилди

Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы №18 Кубатбек Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин алдында «Сыдыкова Канчайым апа» аттуу кыска мөөнөттүү бала-бакча расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бала-бакчанын чылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Жаманкулов, тиешелүү мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Объектинин курулушуна…

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин төрагалыгында жыйын өттү

Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. 2025-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата даярдыктын жүрүшү; 2. Айыл аймактардагы таза суу маселеси; 3. Кышка даярдыктын абалы; 4. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин эгүүнүн жүрүшү; 5. Камсыздандыруунун абалы; 6. Ар кандай маселелер: – “Санарип аймак” электрондук системасынын…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын көчөлөрүн асфальттоо иштерине даярдык көрүү максатында көчөлөрдү башкы планга ылайык келтирүү, кеӊейтүү иштерин жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына кезектеги жыйын өттү. Жыйында Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү, мыйзамсыз чегинен чыгып курулган курулуштарды жылдыруу боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер талкууланды. Аким тарабынан Комиссия курамына Токтогул…

Толук окуу…

Уңгужол – улуу жеңиштерге алып барчу жол!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Токтогул районунун жергиликтүү тургундарына аталган Жарлыктын мазмуну боюнча таанытым иштери жүргүзүлдү. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А.М.Матубраимов, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору К.Б.Калчакеев,…

Толук окуу…

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү

Бүгүн, Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, бал, алма, картошка, май жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп турат.

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын көчөлөрүн асфальттоо иштерине даярдык көрүү максатында көчөлөрдү башкы планга ылайык келтирүү, кеӊейтүү иштерин жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жыйын өттү

Жыйында Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү, мыйзамсыз чегинен чыгып курулган курулуштарды жылдыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралар талкууланды. Аким тарабынан Комиссия курамына төмөнкү негизги милдеттер жүктөлдү: • Токтогул шаарынын көчөлөрүн башкы планга ылайык кеӊейтүү максатында мыйзамсыз чегинен чыгып курулган объектилерди аныктоо жана мыйзам чегинде жылдыруу боюнча чараларды көрүү; • Чегинен чыгып курулган объектилердин…

Толук окуу…

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк КИЖСна (СПИД) каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар планы иштелип чыгып, бир айлык акция жарыяланган

Бир айлык акциянын алкагында райондун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин медицина кызматкерлери менен биргеликте айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, АИВ/КИЖС (ВИЧ/СПИД)илдетин алдын алуу боюнча маалыматтарды таркатып жатышат. Ошондой эле медицина кызматкерлери тарабынан орто окуу жайларында “Өзүңө жана башкаларга кам…

Толук окуу…