Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк.

Райондук мамлекеттик администрациянын “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы орто мектептерде “Биз зомбулукка каршыбыз”, “Зордук зомбулукка жол жок!” аталышындагы жөө жүрүштөр уюштурулуп, жыйындар өтүүдө. Андан сырткары аялдар кеңештери, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча туруктуу комитеттери менен…

Толук окуу…

“Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү.

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө карата А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө кыргыз элинин руханий баа жеткис мурасы – Манас үчилтиги боюнча “Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү. Иш чарага райондогу манас айтуучулар, мектеп окуучулары катышышты. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун негизинде белгиленип келет.…

Толук окуу…

1-декабрь – бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, иш чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш чаралар планына ылайык райондун аймагында 2023-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери тарабынан СПИД илдети боюнча мектептерде мектеп окуучуларына, ата-энелерге, балдар бакчаларынын тарбиячыларына окуу семинарлар, тегерек столдор өтүлдү.…

Толук окуу…

Айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Токтогул шаарынынын борбордук аянтында райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар жума күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулууда. Жарманкеде жергиликтүү дыйкандардын жашылча-жемиштери, балчылардын бал азыктары шаар тургундарына сунушталууда.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы; 2. Райондун калкын жана экономика тармактарын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №247 буйругунун аткарылышы; 3. Райондун аймагында 2023-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйым-терим иштерин аяктоо жана күздүк…

Толук окуу…

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен …

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө коллегиялык жыйын болуп өттү 24- июлда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиянын жыйынына КР Жогорку кеңешинин депутаты К.К. Сулайманов, райондук укук коргоо органдары, мекеме,…

Толук окуу…

Акимдин биринчи орун басары …

Акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Ничке-Сай айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди. Ошондой эле “Жашыл Мурас” Улуттук өнөктүгүнүн 2023-жыл үчүн бекитилген планынын аткарылышы каралды.

Толук окуу…

“Жаңы кадам” конференциясы 4-август күнү …

“Жаңы кадам” конференциясы 4-август күнү социалдык жардам алуучулардын катышуусунда өттү. Конференцияга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев катышып, социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алгандардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Токтогул району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө, 2023-жылы 300 үй-бүлө 100,0 миң сомдон кайтарымсыз акча каражатын алышып, иш алып барууда. Конференцияда сөз алып сүйлөгөн…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы …

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн активи менен аймактын калкынын 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарынын жүрүшү жөнүндө жыйын өткөрдү. Жыйында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин маалыматы угулуп, калкты жана социалдык мекемелерди көмүр, отун менен камсыздоо, электр чордондорун 100% даярдыка келтирүү тапшырмасы берилди.

Толук окуу…