Райондун акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунда салынуучу жаңы мектептин пайдубалын казуу иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү.

Райондун акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунда салынуучу жаңы мектептин пайдубалын казуу иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү. Ошондой эле, кызыл сызыктан чыгып курулган курулмаларды аныктап, ээлерине эскертүүлөрдү берип, мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу боюнча шаардык мэриянын, райондук архитектуранын тиешелүү кызматкерлерине тапшырмаларды берип, аткаруу мөөнөттөрүн белгиледи.

Толук окуу…

“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилди

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата райондун аймагындагы карыларды колдоо максатында 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлө турган “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш-чаралар планына ылайык районжун аймагында 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата карыларга белек берүү, концерттик программа…

Толук окуу…

Алдамчылыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы Токтогул районунун аймагында алдамчылыкты алдын алуу максатында район тургундарына, ашканалардын жана дүкөндөрдүн ээлерине түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К. Аттокуровдун төрагалыгында жыйын өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун төрагалыгы менен “Райондун аймагында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын” жана “Райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын” отурумдары болуп өттү. Комиссиянын отурумуна райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары, медайымдар ҮДТ, ФАПтардын медицина кызматкерлери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов алдыдагы Токтогул районунда өтө турган атайын команда-штабдык машыгууга даярдыктарды көрүүдө райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Жарандык коргонуу кызматтары менен жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында алдыдагы боло турган атайын машыгууну жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча бир нече тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

2025-жылдын 26-сентябрында А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылында 200 орундуу айылдык клубдун жаңы имаратынын ачылышы болду

Ачылышына райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов катышып, айылдык клуб –маданий иш-чаралардын, жаштардын демилгелеринин, улуттук салт-санаанын, чыгармачылыктын жана коомдук биримдиктин борбору экенин белгилеп, ийгиликтерди каалады. Айылдык клубдун имаратынын курулушу 2023-жылы башталган. Курулуш иштери үчүн Жалал-Абад облустук жана Токтогул райондук өнүктүрүү фондусунан ошондой эле жергиликтүү бюджеттен жалпы 12 млн…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Социалдык тармактагы көйгөйлүү маселелер; 2. Күз-кыш мезгилине даярдыктын абалы жөнүндө маселелер каралды. Жыйынга укук коргоо органдарынын башчылары, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаардык мэриянын өкүлү, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине, айыл…

Толук окуу…

Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү

2026-жылдын 25-26-сентябрында Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин орун басарлары, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары жана район, шаарлардан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген…

Толук окуу…

“Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоонү жүзөгө ашыруу” боюнча семинар өткөрүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу” боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратуранын, Токтогул РИИБдин, жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү, пробациянын жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты. Окуу-семинары Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен ЕККУнун…

Толук окуу…