Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев шаар, айыл аймактардан Кезектеги IV Элдик Курултайга шайланган 13 делегат менен жолугушту.
- Коррупцияны алдын алуу, шайлоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштери жана ФАП, ГСВлардын жалпы ишмердүүлүгүн текшерүү иштери уланууда
- Урматтуу Токтогул районунун тургундары!
- Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү
- Коррупцияны алдын алуу, шайлоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштери жана ФАП, ГСВлардын жалпы ишмердүүлүгүн текшерүү иштери уланууда
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Сын пикир калтырыңыз

Материалдар архиви
- November 2025
- October 2025
- September 2025
- August 2025
- July 2025
- June 2025
- May 2025
- April 2025
- March 2025
- February 2025
- January 2025
- December 2024
- November 2024
- October 2024
- September 2024
- August 2024
- July 2024
- June 2024
- May 2024
- April 2024
- March 2024
- February 2024
- January 2024
- December 2023
- November 2023
- September 2023
- August 2023
- April 2023
Пайдалуу шилтемелер
Category: Жаңылыктар
Райондогу жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүлдү
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов Торкен айылындагы А.Мамыров, Арал айылындагы Т.Тешебаев, Бала-Чычкан айылындагы Иманбаев атындагы орто мектептеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды.
Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында техникалык кеңешменин отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун долбоору, сметасы, аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды. Отурумга Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев жана долбоорду иштеп чыккан фирманын өкүлдөрү катышты.
Күн нурунан электр энергиясын алуу станциялары курулат
2024-жылдын 7-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Чехия Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычынын суу үстүнө кубаттуулугу 1200 МВатт болгон электр станцияларын куруу боюнча инвесторлор менен жеринде сүйлөшүүлөр болуп, макулдашуу иш-аракеттери жүрүүдө.
Коомдук кабылдамада жарандар кабыл алынды
Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары үлүш жер, трансформатор коюу, таза суу, көпүрө, наам ыйгаруу жөнүндө маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.…
Шайлоого катышып, татыктууну шайлаңыз!
Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугуна кам көрүү максатында 2024-жылдын 4-октябрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык, Терек-Суу айылдарына барып, сарык оорусу боюнча мектеп окуучуларына, мугалимдерге окууларды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
3-октябрь Токтогул шаарындагы маданият үйүндө “МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА” карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Н.Кожобергенов билим берүү тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы билим берүү…
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү
Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү; 2. Кышка даярдыктын жүрүшү; 3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…
Токтогул районунун аймагындагы көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117,118 Жарлыктарына ылайык райондун аймагында жашаган алты, жети жана андан ашык бала төрөп, жакшы тарбиялап өстүргөн көп балалуу энелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы сыйлыктары менен сыйланышты. 2024-жылда “Баатыр эне” ордени менен көп балалуу 20 эне, “Эне даңкы” медалына…
