Давлетбаев Союзбек Султакеевич Курулуш министрлигинин “Ардактуу куруучусу” төш белгиси менен сыйланды

Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов Токтогул районунун тургуну, куруучу, инженер, прораб Давлетбаев Союзбек Султакеевичке Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Ардактуу куруучусу” төш белгисин жана Кргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык катын тапшырды.
Сыйлык ээсинин көп жылдык үзүрлүү эмгеги, курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү жогору бааланды.
Давлетбаев Союзбек Султакеевич райондун социалдык жана өндүрүштүк объектилерин курууга жана жаңылоого активдүү катышып, жаш адистерге үлгү болуп келет.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы сыйлык ээсин куттуктайт жана мындан аркы эмгек жолуна ийгиликтерди каалайт.

Leave a Reply