«Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновация министрлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизгенин жарыялайт.
🔹 Бул сервис кан басым, холестерин, глюкоза деңгээли, жашоо образы сыяктуу негизги көрсөткүчтөрдү жана жакынкы 10 жылда инфаркт же инсульт болуу тобокелчилигин аныктоого жардам берет.
🔹 Тесттен өтүп, саламаттыгыңызды сактоо үчүн жекече сунуштарды алыңыз.
📲 Ден соолугуңузду текшерүү үчүн “Tunduk” тиркемесине кирип, кызматты тандаңыз, керектүү маалыматтарды (бою, салмагы, кан басымы ж.б.) толтуруңуз жана сизге ылайык берилген отчет катары сунуштамалар менен таанышыңыз.
Возможно, это изображение текст

Leave a Reply