“Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү

2024-жылдын 15-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин адистери тарабынан “Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү.
Семинарга райондук мекеме-ишканаларда иштеген 55 жаштан жогорку кызматкерлер катышышты.
Семинарда адистер карылыкты алдын алуу жана ден соолукка кам көрүү өзгөчө акыркы убакта кары адамдар арасында көп катталган жугуштуу эмес (кант диабети, кан басымынын көтөрүлүшү, шишик оорулары жб.) оорулар боюнча лекция окушуп, слайд көрсөтүлдү.

Leave a Reply